www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда жүрөк титиреткен Украина менен Орусиянын кылчайнашуусу ар бирибизди кабатыр кылып жаткан чагы «эки дөө кармашса, ортодо кара чымын кырылат» деген кыргызда накыл кеп бар. Ал ортодо кыргыздардын кээси Украинага жан тартса, басымдуу бөлүгү эмне болсо да орус менен кан-жинибиз сиңишип калган сыңары кылчактамай жашоо.

-- Орусия менен Украина тирешинде Кыргызстан кандай позицияда туруусу керек? 

-- Орусия жана Украина биз менен бирге СССРде чогуу союздук мамлекеттерден болуп эсептелет. Ошо СССРде тарыхый да, стратегиялык да бир максатта, бир ниетте жүргөнбүз, чынында буга далилдин кереги жок.

Биздин позициябыз эки мамлекеттин ортосундагы бүгүнкү кырдаалды бириктирүү, тынчтык жолун да чечүүчү негизги максаттарыбыздын бири экени айныксыз иш. Себеби, Кыргызстан чакан мамлекетпиз, геосаясатта ар дайым айтып жүрөм, «элдин кызыкчылыгы, мамлекеттин кызыкчылыгы жана келечегине багытталган саясатты алпарышыбыз керек» деп.

Ошон үчүн Орусия менен Украинанын ортосундагы бүгүнкү чоң жаңжалда эки мамлекеттин тез арада тынчтык жолу менен, дипломатия жолу менен маселени чечүүгө күч аракетибизди жумшап, ат көтөргүс салымыбызды кошконубуз оң.

Булак: Азия News гезити

Последние новости