www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Зеленский Орусиянын чабуулдарынын 16-күнүндө украиналыктарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу ТРТ жазып чыкты.

Украинанын президенти Владимир Зеленский өз өлкөсүнө кол салган орус армиясынын орус тилдүү жарандарга да өтө катаал мамиле жасаганын билдирип: "Ким кайсы тилде сүйлөп, кайсы чиркөөгө барганын, кайсы партияга колдоо көрсөткөнүн ажырата албаган сириялык жалданма аскерлер бөтөн өлкөгө жөн эле адам өлтүрүү үчүн келүүдө",- деди.

Ошондой эле, Зеленский: "Жерлерибизди качан баскынчылардан бошоторубузду айтуу мүмкүн эмес. Бирок, биз муну жасайбыз деп айта алам. Анткени, буга умтулуп жатабыз, биз стратегиялык бурулушка жеттик. Биз өз максатыбызга, жеңишибизге карай бара жатабыз»,- деп билдирген.

Анын айтымында, "Орусия бул коркунучтуу согуш үчүн жооп бериши керек. Кечээ Евробиримдиктин лидерлери абдан маанилүү жыйын өткөрүштү. Ошол жыйында кайсы лидер эмне дегенин билебиз. Ким так сүйлөдү, ким бизди колдоду, ким унчуккан жок баары айкын болду", -дейт Украинанын лидери.

«Биз миңдеген жоокерлеринин өлүмүнө маани бербеген душман менен күрөшүп жатабыз. Согуштун тозогуна ыргытуу үчүн Орусиянын бардык булуң-бурчунан аскерлерди чогулткан душман эми украин элине каршы сириялык жалданма аскерлерди алып келүү идеясына келди. Сириядан бандиттерди алып келип жатышат. Орус жоокерлеринин орус тилдүү элибизге кандай мамиле кылганын көрдүңүздөр. Алар ракеталар, бомбалар, замбиректер менен чабуул коюшту. Эми ким кайсы тилде сүйлөп, кайсы чиркөөгө барганын, кайсы партияга колдоо көрсөткөнүн ажырата албаган сириялык жалданма аскерлер бөтөн өлкөгө жөн эле өлтүрүү үчүн келүүдө»,-деп билдирген Зеленский өз кайрылуусунда.

Бирок, Орусиянын президенти Владимир Путин Донбасстын элине жардам берүү максатында акча үчүн эмес, өз каалоосу менен жардам берүүнү каалаган ыктыярчылар менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости