www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эки жумадан ашык убакыттан бери Украинанын көптөгөн шаарлары аба соккуларынын бутасына айланды. Бул тууралуу CNN Türk жазды.

Украина эки жумадан ашык убакыттан бери Орусиянын оккупациясына кабылууда. Өлкөнүн көптөгөн шаарында кол салуулардын кесепеттерин көрүүгө болот. Орусиянын аба соккуларынан кийин шаарлар кандай жабыр тартканын караңыз.

Орусия Украинага чабуулун улантууда. Эки жумадан ашык убакыттан бери Украинанын көптөгөн шаарлары аба соккуларынын бутасына айланды.

Орусиянын бомбалоосуна дуушар болгон Мариуполдо имараттар урандыга айланды. Өрт өчүрүүчүлөр жабыркаган имараттарда камалып калгандарды куткаруу үчүн катуу иштешти. Аба чабуулунан шаардагы көптөгөн коомдук имараттар жабыркады.

Алардын арасында университет жана өрт өчүрүү кызматы да бар. Адамдардын согуштан качуу үчүн аймакты таштап кетиши бул аймакты арбак шаарга айландырган.

Харьковдогу пейзаж эч кандай айырмаланчу эмес. Өрт өчүрүүчүлөр ракеталар тийген имараттарда көп сааттарды өткөрүштү. Издөө-куткаруу иштери сааттар бою уланды.

Украинанын чыгышындагы Данске шаарында согуштун изин дагы бир жолу жакын жерден көрүүгө болот. Ок тийген эшиктерге жана кол салуулардан жабыркаган имараттарга карабастан адамдар жашоо күрөшүн улантууда. Көчөлөрдө элдин ордуна ташталган ракеталык снаряддар, өрттөлгөн танктар.

Эске салсак, Путиндин «Донбасстагы калкты коргоо» тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген. Он беш күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катаал чабуулдар Киев менен Харьковго жасалды.

БУУнун маалыматы боюнча, согуш башталгандан бери Украинадан 2 миллион адам качкын болуп чыгып кетти.

Бул ортодо Украинадагы кырдаалга байланыштуу Батыш өлкөлөрү жана аларга тиешелүү улуттар аралык компаниялар Орусияга каршы бир топ чектөөлөрдү киргизген.

Атургай айрым өлкөлөр Орусиянын учактары үчүн аба мейкиндигин жаап, учурда каттамдар токтотулган. Ошондой эле Орусиянын аймагында иш алып барган дүйнөлүк ири бренддер ишин токтотуп койгон учур.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости