www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия менен Украинанын ортосундагы согуштук кырдаал дүйнөнүн ар бир өлкөсүнө өз таасирин тийгизе баштады. 24-февралда башталган кандуу окуялар бүгүнкү күнгө чейин уланып, эки тараптын сүйлөшүүлөрү жыйынтык бербей жатат. Ал ортодо АКШ менен Батыш өлкөлөрү аталган окуяда Орусияны күнөөлөө менен ар тараптан кысымга алып, Орусияны алсыратуу үчүн бир катар санкцияларды жарыялады. 

Ал эми, Кыргызстан Орусия менен экономикалык, саясий жактан тыгыз карым катнашта болгондуктан, болуп жаткан окуялар кыргыз элин да тынчсыздандырбай койгон жок. Учурда көпчүлүк саясий серепчилер окуяга өз алдынча баа берип, социалдык тармактар аркылуу пикирлерин билдирип жатат. Алардын бири коомдук ишмер, эксперт Сабыр Муканбетов өзүнүн Фейсбук баракчасына билдирүү калтырган:

- Орусия талкаланса, андан кийин Кытайды АКШ жеңил багынтат. Ошону билген Орус менен Кытай бир муштумга түйүлүп атат.

Орустан кутулуп эгемен болом дегендер "аңгектен качсаң дөнгөккө" кабылабыз. Орусия, Кытай майдаланып, тонолуп кыйраганда эки ортодогу Орто Азия республикалары жоюлуп, Сирия, Афганистан сыяктуу түтөп, "вечный полигонго" айланат.

Орусия менен Кытайдын ресурстарын бөлүшүп жеген "дармоед туземцы" аларга кереги жок. Кырылып жок болгону жакшы. Англосакстардын акыркы 500 жылдагы адамзатка кылган мыкаачылыгы, жырткычтыгы буга далил.

Евразия континентиндеги бейпилдик евразиянын элине - орус, кытай, орто азия элдерине керек.

Дүйнөнү орус-украин чатагынын призмасы менен карабай тереңирээк кароо керек.

Себеби, АКШ менен НАТОнун ач көздүк менен чыгышка тынымсыз жылып келатышында, АКШнын согуштук доктриналары менен орусту жок кылуу программаларында.

Сырттан келген кан ичерлерге колтук ачпай, коңшулар менен биримдикте бололу туугандар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости