www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Американын аскерлери Россия Федерациясынын чек араларына жөнөтүлдү. АКШ Орусиянын НАТОго коркунуч жараткан кадамдарына жооп берет. Жада калса бул дүйнөлүк согушка алып келсе да. Бул тууралуу Американын президенти Джо Байден айтканын РИА Новости жазды.

«Биз Европадагы өнөктөштөрүбүз менен иштей беребиз жана НАТОнун аймагындагы ар бир дюймду коргойбуз. Ошол үчүн менен Орусия менен чектешкен аймактарга, тагыраагы, Латвия, Эстония, Румыния сыяктуу өлкөлөргө 12 миң аскер жөнөттүм. Эгер Орусия бир кадам жылса эле жооп кайтарабыз. Ошентип үчүнчү дүйнөлүк согуш башталат. Бизде НАТОнун аймагы тууралуу ыйык милдетибиз бар. Ал боюнча 5-беренеде айтылган. Үчүнчү дүйнөлүк согушту Украинанын аймагында жасабайбыз», — деди Америка лидери.

Эске салсак, Путиндин «Донбасстагы калкты коргоо» тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген. Он беш күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катаал чабуулдар Киев менен Харьковго жасалды.

БУУнун маалыматы боюнча, согуш башталгандан бери Украинадан 2 миллион адам качкын болуп чыгып кетти.

Бул ортодо Украинадагы кырдаалга байланыштуу Батыш өлкөлөрү жана аларга тиешелүү улуттар аралык компаниялар Орусияга каршы бир топ чектөөлөрдү киргизген.

Атургай айрым өлкөлөр Орусиянын учактары үчүн аба мейкиндигин жаап, учурда каттамдар токтотулган. Ошондой эле Орусиянын аймагында иш алып барган дүйнөлүк ири бренддер ишин токтотуп койгон учур.

Ал эми жакынкы күндөрдө Instagram каналынын ишин чектөө талабы коюлду. Буга чейин Facebook менен Twitter түйүндөрүнө чектөө киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости