www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кой-Таш иши боюнча 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ирина Карамушкина декабрь айында президенттин наамына кат жазып, ырайым сураган. Бул тууралуу Би-Би-Сиге анын адвокаты Аскар Алымкулов маалымдады.

- Ырайым сурады. Бирок күнөөлүмүн деп жазган жок. Соттолгон адамдын күнөөсүн мойнуна алууга милдеттендирген берене же укуктук норма жок. Конституцияда кечирим берүү укугу бекитилген. Негизи президент өзү деле эч ким кечирим сурап кайрылбаса да, ырайым бергенге укугу бар да. Катта Ирина Карамушкина "Эмнеге ушундай чечим чыкканын түшүнүп турам. Ошентсе да бул ишке көңүл бурушуңузду суранам. Менин жашым өтүп калды, неберелерим, карыган апам бар. Биз сиз менен чогуу иштегенбиз. Силер менин кандай адам экенимди жакшы билесиңер. Мен эч качан кылмыш кылган эмесмин, мамлекеттин акчасына кол салган эмесмин. Өз позициясынан тайбаган киши экенимди билесиңер. Бул бирине жагат, бирине жакпайт экен", - деген сыяктуу кат жазган.

Аскар Алыкулов катка жооп келе электигин, президенттин реакциясын күтүп, Жогорку Сотко кайрылуу ишин кийинкиге калтырышканын кошумчалады. Жактоочу өлкө жетекчиси Орозо айында кечиримдүүлүк көрсөтөт деп үмүттөнүп жатканын айтты.

Последние новости