www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Балыкчы шаарында жайгашкан өзүнчө ротасынын кызматкери, милициянын старшинасы Теңизбеков Бейшенбек Теңизбекович бир нече күндүн ичинде өзүнүн кесипкөйлүгүнүн, чечкиндүүлүгүнүн жана өз убагында көрсөткөн жардамынын аркасында эки адамдын өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Биринчи окуя 20-июнда Балыкчы шаарындагы эс алуу жайларынын биринин аймагында болгон. Кызмат өтөп жүргөн учурда милициянын старшинасы көл жээгинен сууда кыймылсыз жаткан, өспүрүмдү байкап калган.

Бир мүнөт да текке кетирбестен, милиция кызматкери дароо жардамга келип, өспүрүмдү суудан чыгарып, реанимациялык иш-чараларды жүргүзүүгө киришкен. Туура көрсөтүлгөн алгачкы жардамдын жана жасалма дем алдыруунун натыйжасында баланын дем алуусу калыбына келтирилген. Окуя болгон жерге тез жардам кызматы келгенден кийин жабырлануучу дарыгерлерге өткөрүлүп берилген.

Кийинчерээк куткарылган бала Балыкчы шаарынын 2017-жылы туулган тургуну экендиги аныкталган.

Андан төрт күн өткөндөн кийин, 24-июнда милициянын старшинасы Бейшенбек Теңизбеков кызматтан тышкаркы убакта көл жээгинде жүргөндө дагы бир жолу адам өмүрү үчүн күрөшүүгө туура келген кырдаалга туш болду. Жарандардын жардам сураган үндөрүн угуп, ал дароо окуя болгон жерге жетип барып, суудан чыгарылган, бирок дем албай жаткан өспүрүмдү көргөн.

Милиция кызматкери убакытты текке кетирбей, жабырлануучуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, реанимациялык иш-чараларды жүргүзүүгө киришкен. Анын ыкчам жана кесипкөй аракеттеринин натыйжасында өспүрүмдүн дем алуусу кайра калыбына келтирилген. Андан соң жабырлануучу окуя болгон жерге келген тез жардам кызматынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Куткарылган өспүрүм Бишкек шаарынын 2008-жылы туулган тургуну экендиги аныкталды.

Бир нече күндүн ичинде милициянын старшинасы Бейшенбек Теңизбеков адамдарга шашылыш жардам керек болгон учурда эки жолу алардын жанында болуп, өзүнүн кесиптик даярдыгынын, сабырдуулугунун жана жардам берүүгө дайым даяр экендигинин аркасында эки адамдын өмүрүн сактап калды.

Последние новости