www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төрт судья бир убакта өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыздарын берди. Бул тууралуу Кыргызстандын Судьялар кеңешинин жыйынында судьялардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча арыздары каралгандан кийин белгилүү болду.

Судьялар кеңеши өтүнүчтөрдү канааттандырып, өлкө президентине төмөнкүлөрдүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча сунуш жөнөттү:

- Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Урмат Калыбеков;
- Бишкек шаардык сотунун судьясы Анара Өмүралиева;
- Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова;
- Ысык-Көл облусунун административдик сотунун судьясы Жеңишбек Барынбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости