www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Центерранын» акцияларынын баасы тездик менен өсүп баштады

Канадалык алтын казуучу Centerra Gold Inc. (Кыргызстандын 26.4% үлүшү бар) компаниясынын акциялары кечээ, 18-майдан тарта ылдамдык менен өсө баштады. 

Кечээ, 18-майда эртең мененки саат 9:30дан баштап, түшкү саат 12:00гө чейин Торонтодогу Фонддук биржадагы акциялар 8,7%га баасы өстү.

Centerra Gold Inc. компаниясынын акцияларынын баасынын өсүүсүнө аталган компаниянын президенти жана аткаруучу директору Скотт Перринин билдирүүсү себеп болгонун Reuters агенттиги жазды. Тактап айтканда, Кыргызстан «Кумтөр» кениндеги көзөмөлдү өз колуна алгандын эртеси Скотт Перри билдирүү жасап, Centerra компаниясынын жетекчилиги акционерлердин укугун коргоо үчүн колунан келген бардык чараларды көрө турганын билдирген. Ошондой эле, компания Канада жана Улуу Британия Өкмөтүнүн натыйжалуу колдоосун көрүп турганын кошумчалаган.

Буга чейин «Кумтөр» кенинин айланасындагы окуялар боюнча Канаданын бийлиги да үн каткан болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости