www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түштүк Африка Республикасынын Тышкы иштер министрлиги июнь айындагы БРИКС жолугушуусунун катышуучуларына жана августтагы саммиттин катышуучуларына иммунитет кепилдигин убада кылды. Жогорку деңгээлдеги жолугушуулар ТАРдын борбору Йоханнесбургда өтөөрү айтылды. 

Министрлердин деңгээлиндеги жолугушуулар 1-2-июнь күндөрү Кейптаунда өтсө, БРИКСтин 15-саммити 22-24-август күндөрүндө Йоханнесбургда болот.  

Буга чейин ТАСС маалымат агенттигинин өздүк булагынан айтылгандай «россиялык тарап БРИКСтин саммитине катышуудан баш тартпайт».  

Президент Владимир Путин активдүү даярдык көрүлүп жаткан саммиттин ишине катышуудан баш тарткан жок. Эл аралык кылмыш сотуна байланышкан маселелерди ТАРдын өнөктөштөрү чечиши керек.  

РФнын президентинин пресс-катчысы Дмитрий Песковдун билдирүүсүндө «БРИКС саммитинде Путин кандай форматта катышаары тактала элек», - дейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости