www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Корея Жапон деңизине эки баллистикалык ракета учурганын Рейтер агенттиги түштүк кореялык аскерлерге таянуу менен билдирди.

Түштүк Кореянын биргелешкен штаб башчылары ракеталар Пхеньяндагы Сунан аэродромунун аймагынан учурулганын билдирди. Ракеталар 250 жана 350 км учуп өткөн, деп жазат Japan Times. Япониянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, ракеталардын биринин учуу бийиктиги 50 чакырымга жеткен.

2022-жыл Түндүк Корея тарабынан баллистикалык ракета учуруулардын саны боюнча рекорддук жыл болгону белгиленген. Жалпысынан бир жылдын ичинде 65тен ашык ракета учурулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости