www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түштүк Кореянын өкмөтү Улуттук ассамблеянын (парламенттин) артынан аскердик абалды жокко чыгарды, деп кабарлады «Рёнхап» агенттиги. Аскердик абалдын командачылыгы да таркады.
Өзгөчө режимди камсыздоого тартылган аскерлер туруктуу жайгашкан жерлерине кайтып келишти. Түштүк Кореяда аскердик абал алынды.
Ага чейин Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл өкмөттүн жыйынында аскердик абалды жокко чыгарарын жарыялаган.
«Биз өкмөттүн жыйынында Улуттук жыйындын талаптарын кабыл алып, аскердик абалды жокко чыгарабыз», - деген президент.
Ал өз билдирүүсүндө парламентти өлкө бийлигине иштөөгө тоскоол болбоого чакырган. Тактап айтканда депутаттар ага импичмент жарыялап, бюджетти кыскартууну пландап жатышканын айткан.
Юн Сок Ёл аскердик абалды 3-декабрда кечинде киргизген. Муну менен парламенттин жана саясий партиялардын ишмердүүлүгү токтотулган.
Андан кийин Улуттук жыйындын депутаттары добуш берүү менен аскердик абалды жокко чыгарышкан.
Ошондой эле парламенттин алдына миңдеген адамдар митингге чыгышкан. Алармамлекет башчысынын кызматтан кетишин талап кылышкан.