www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Facebook негиздөөчүсү Марк Цукерберг аталган социалдык тармактагы аккаунттардын саны 2 миллиардга жеткендигин билдирип, бул туурасында ал өзүнүн баракчасына жазган.

"Бул таңда Facebook тармагынын колдонуучуларынын саны расмий түрдө 2 миллиардга жетти! Биз элди бириктирип, максатыбызга жеттик. Эми алардын бири-бирине жакындоосуна жардам берели. Сиздер менен биргеликте бараткан бул жол мен үчүн сыймыктуу", — деп жазган Цукерберг баракчасына.

Кийинки айдан тарта Facebook өзүнүн телешоусун көрсөтө баштайт Facebook 2004-жылы негизделген.

Аны түптөгөн америкалык бала ошол кезде 19 жашта болгон. Сайт алгач өзү окуган Гарвард университетинин студенттерди үчүн гана иштесе, эки жылдан кийин каалаган киши бул тармакка катталып, аккаунтун ачуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Компаниянын баш кеңсеси Менло-Паркта (Калифорния) жайгашкан. 2017-жылга карата Facebook кызматкерлеринин саны 18 770ке жеткен.

Булак: "Sputnik"
 

Последние новости