www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сариевдин былыгы чукулууда…

Күздө өтүүчү президенттик шайлоого аттанууга кадыры кайтыш болгону, куйругунда калбыры бары, капчыгы калыңы менен каражаты жогу, айтор, баары эле билек түрүп шымаланып жатышат. Өзгөчө Темир Сариев токтоно албай катуу ээленип алды. Эл добуш береби, шайлайбы деген түшүнүктөн таптакыр алыстап, жер баспай желпинип жатканын көрүп жандан түңүлөсүң.

Буга чейинки жергиликтүү шайлоолордо “Ак Шумкар” саясий партиясынын чамасы чак экени билинип, эч бир жерде жеңишке жетпеди. Бул деген Сариевдин республикалык деңгөөлге чыга албаган дараметин көрсөттү. Какаганга муштаган болуп, өкмөт башчысы боло койгон учурдагы былыктары кошул-ташыл болуп элди жипкиртүүдө. Алсак, Балыкчы-Корумду жолун курган Кытай компаниясынан 6 миллион доллар алды деген имишке чекит коюлбай, коомчулукта ишенбөөчүлүк күч.

Анысы аз келгенсип, жакында эле маалымат каражаттарынын бири Сариев кыйсы бир бизнесмендин Лексус 570 машинасын тартып алып бербей жүргөнүн жазды. “Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” демекчи, мындай сөздөр жөн жеринен жазылып жатпаса керек.

Булак: "Фабула"

Последние новости