www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Султанбекова эмнеге үндөбөй калды?

Эл арасынан “мата кадыры менен бөз өтөт, ата кадыры менен кыз өтөт” накыл кепти угуп келген элек, азыркы заманда башка формалары калыптанганын көрүп жатырбыз.

Маселен, агасынын, эжесинин же күйөөсүнүн кадыры менен чоң саясатка аралашып, үлкөн мансапка жеткендер болууда. Аларга Г. Садырбаев, Б.Отунбаев, Д.Исаева ж.б. кошсок болот.эки ирет депутат болгон Ч.Султанбекова да Баяман агабыздын атагы менен эл көзүнө көрүнүп, азыр вице-премьер-министр болуп отурган кези. Бирок булар агасындай, эжесиндей же күйөөсүндөй иштерди жасай албады.

Маселен Чолпон эжекебиз жакында жетим балдар үйүндөгү канча жылдан бери жыйналган коррупцияны чукуп, кабат-кабат үй салган, жиптерди минген деректирлердин бетин сыйрыганга аракеттенип жаткан, анан эле сууга тумчуккан кишидей дымы чыкпай калды.

Биз буга түшүнбөй турубуз, корктубу же өзү айткан миллионерлер жиптерин сатып Султанбекованын алаканын майладыбы? Эгер ишти аягына чыгара албаса, анда неге маселени көтөрүмүш этип элди алдады? Тыйын өндүрүш үчүнбү?

Булак: "Мантыш"

Последние новости