www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир кездери доорун сүргөн, кайкалап жүргөн "шоопур" каймана аты бар Икрам Илмияновду унута элексиңер да. Ошол доордо шоопур менен кошо компоюп жүргөн Каныбек Туманбаев деген эргул эсиңердеби? Айрым булактар аны шоопурдун өкүл уулу деп жүрүшөт. Туманбаев тушунда жакшы эле тайталаңдады. Жолтандабастан жолтандабасты тандап, кабат-кабат хансарайларды салып, чайхана, тойкана дегендерди, акыркы бизге жеткен маалыматтар боюнча "Азия Моллдогу" кара гамбургерди ачып, акчага карк болуп жаткан кербези. Карк болгону жакшы бирок, карыз болгону жаман экен.
Өткөн аптада борбордогу элит мончолордун бири "Сүмбүлдө" Каныбек эс алып жатып, кокусунанбы же ушундай болуп калдыбы айтор бирөө менен пикири келишпей калып тумшукка жептир. Тумшукка берген жигит, кыргыздын белдүү азаматтарынын бири экенин жакындан көргөндөр айтышты. Экөөнүн талашы баягы эле акчага такалары турган иш. Андан башка мончодо эмне талаш болот эле? Качып жүргөндүр, кармалган жерин карабайсыңарбы?
Булак: “Факты.kg”