www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнө катастрофанын чегине жеткендиктен, өзүн өзү сактоо инстинкти иштелип чыга баштады. 2-4 жылдын аралыгында боло турган өзгөрүүлөр ааламды болуп көрбөгөндөй өзгөртөт. Кандай өзгөрүүлөр болоорун алдын-ала билүү аркылуу жоготууларды азайтууга жана колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып оң көрсөткүчтөр менен кырдаалдан чыгууга болот. Тилекке каршы, агартуу жана маалыматтардан артта калып, көп нерсеге көз жумуп, эскиликти жана зыяндуулукту алдыга сүрөп жатабыз. Биз геометриялык прогрессия менен түпсүздүккө тарта турган нерселерди жарыялайбыз жана ошону жасайбыз.
Алсак индустриялык коомдун кризиси, өнөр жайдын капиталисттик режими, акча-кредит системасы, либералдык-демократиялык идеологияга негизделген экономикалык идеология билим берүүдөгү, маданияттагы жана тарбиядагы рухий-адеп-ахлактык кризистин башталышына, экономиканын кыйрашына, масштабдуу паракорчулукка, массалык жакырланууга, бир жыныстуу никеге жана педофилиянын жайылышына алып келди.
Системалык кризис жана бардык негативдүү процесстер, мисалы, экологиялык жана техногендик катастрофа же ядролук согуш каалаган убакта бүткүл планетаны, адамзатты кыйроого кептеши мүмкүн. Жогоруда саналган бардык жагымсыз кубулуштар Кыргызстанда дагы өзгөчө байкалат. Кимдир бирөөлөр акыр замандын келишин күтүп, бейишке түшүү үмүтү менен аны татыктуу тосуп алууга даярданууда, ошол эле учурда дүйнөдө адамзатты сактап калууга кызыкдар күчтөр дагы бар. Алардын катарына туруш керекпи же ойгонуп, түшүнүп, аларга тоскоолдук жаратпаш зарылчылыгы барбы?
Чындыгын алып караганда баары бир жалпы процесстер кааласак да, каалабасак да сөзсүз бизге таасирин тийгизет. Эми ток этер маселеге өтө турган болсок, дүйнөлүк процессти пландагандар 2022-жылдын 1-январынан тарта дүйнө жүзүн Жаңы валюта системасына, Жаңы энергияга жана Жаңы дүйнөлүк тартипке өтүүсү үчүн баарын даярдап коюшкан...
Мунун баары эмнени билдирет:
1.Либералдык-демократиялык идеология жана либерализм стандарттарын буруу эксприменти ишке ашкан жок. Уккула либералдар, демократтар, силерге музейге барууга мезгил жетти! Силер дүйнөнү кыйроого алып келдиңер, эми түбөлүк уйкуга кетсеңер болот. Ажыдаар базар мамилелерине негизделген либерал экономика жалпы жакырлыкка, паракорчулукка жана кызматтардын, товарлардын өтө көп өлчөмдө өндүрүлүшүнө, башкача айтканда, жалпы кризиске алып келди. Либералдык мораль адам табиятына каршы келе турган педофилдер менен сексуалдык азчылыкты жаратты жана колдоду. Либералдык маданият жана билим уятсыздыкка, бузуктукка жеткирди.
Өкмөттү бөлүү принциби, саясий партиялардын институту, башкаруунун парламенттик модели негизинен жалган эрежелерге негизделген либералдык өкмөттүн системасы башынан эле алдамчылык принцибине таянат жана мамлекетти жоюу куралы болуп эсептелет.
Эмне болот?
1. Дүйнө материалдык башкаруудан рухий башкарууга кайтууда. Жаңы баалуулуктар жана этикалык нормалар ар түрдүү идеологиялык ж. б. нормаларды өзгөртөт.
2. Жаңы валюта дүйнөсү дээрлик киргизилди. Жакында 2020-жылы күзүндө валюта, банк жана кредиттик система боюнча кескин чаралар көрүлөт. Эгер биз ушул окуяга даяр болбосок, бизди оор кырдаал күтөт. Базел-3түн материалдары менен таанышыңыз, ошондо эмне жөнүндө сөз болуп жаткандыгын түшүнөсүз. Алтын 2019-жылдын 19-мартына чейин баалуу металл болгон, алтын кайрадан акча болду. Офшордук зона боюнча Англиянын Жогорку сотунун чечимин таап окуп көргүлө. Нефтедоллар капут болуп, алтын доллар кайтууда.
3. Жаңы энергия аалам үчүн даярдалып, массалык түрдө киргизилишин жана колдонулууга берилишин күтүүдө. Нефть жана газ энергиянын негизги булагы катары позициясын жоготот. Алардын ордуна энергиянын булагы- кайра калыбына келүүчү жаратылыш ресурстары жана негизгиси муздак ядролук синтез колдонулат.
Нефть жана газ экспорттоочу өлкөлөр бул процесске даярданбаса, жыйынтыгы оор болот. Ал эми бул процесс бизге өзгөчө таасирин тийгизбейт.
Мен Ванга же башка кандайдыр бир көзү ачык эмесмин. Жогоруда айтылгандардын баары интернетте бар. Бул пландар дүйнөлүк процесстерди башкаргандар, б.а. “пландоочулар” жана “архитекторлор” тарабынан, түзүлүп, кааласак дагы, каалабасак дагы биз алардын планына киргенбиз жана бул долбоордун бизге да тиешеси бар. Мен ачылыш жасап жаткан жокмун. Интернетти казып көрсөңөр мунун баарын угуп, окуй аласыңар.
Биз, кыргызстандыктар эмне кылышыбыз керек?
Келечекте Кыргыз Республикасынын образы, концепциясы так, даана максаты менен аны жүзөгө ашыра турган жөндөмдүү команда түзүшүбүз зарыл.
Ошону менен бирге жогорудагы саналган процесстерди түшүнүп, ар тараптуу иш алып баруучу, көп кырдуу инсандар керектелет.
Жогорудагы маселелер төмөндөгүлөрдү талап кылат:
1.Ааламда болуп жаткан окуяларды түшүнүү. Кыргызстанды келечекте кандай көргүбүз келсе, ошого жетүү үчүн максаттарды, концепцияларды так иштеп чыгуу. Ушул максаттарды жана концепцияларды ишке ашырууга жөндөмдүү, Кыргызстанга кереги тийген ийкемдүү команда түзүү.
2.Жаңы өзгөрүүлөр үчүн шарт түзүп, андагы жүрүм-турумдун эрежелерин, т. а., инсан менен коомдун, мамлекеттин ичиндеги өз ара мамилелердин негиздерин жана баалуулуктарын жаратып, мамлекеттик бийлик менен экономиканын моделин өзгөртүү.
Керектүү иш-аракеттерди кыскача карап көрөлү.
1.Кандай гана жаңылануу болсо да максаттарды жана идеяларды аныктоодон башталат. Максат, идея жок болсо, адам адашат, ал эми коом туңгуюкка кабылат.
Кыргызстан көз карандысыздык алгандан бери республиканын өнүгүшү үчүн бийлик ар кандай программаларды, өзгөрүүлөрдү сунуштаган. Бирок алардын чечимдери, иш чаралары негативдүү натыйжага жеткиргендиктен, маанисиз кадамдардай туюлат. Анын себеби өнүгүүнүн туура эмес концепциясын тандап алышкандыгында.
Эгемендүүлүккө жетишкенден бери демократиялык мамлекетти куруу абстрактынан сырткары, мамлекетти жана коомду өнүктүрүүчү түшүнүктүү, так максатыбыз болгон эмес. Максат менен каражатты тынымсыз чаташтырып келдик. Мисалы, мамлекетти өнүктүрүү максаты деп экономиканын секторлорун түшүндүк. Тактап айтканда, өнөр жайдын өнүгүшү, экономика, айыл чарба, тоо-кен казуу жана туризмди максат катары кабыл алдык. Бирок булар максат эмес, каражат болуп эсептелет.
Айткан кебибизди туура эмес деп эсептесеңер, бизге максатты көргөзүп бергилечи? Алар кайсы жерде жазылып, айтылды? Эл кайсы жакка баратканыбызды билеби? Эл эртең, жазында, кийинки жылы эмне болоорун билбейт. Эл өздөрүн эртең эмне күтөөрүн билип, түшүнүп, ошонун негизинде жеке планын түзүп, даярданышы зарыл.
Эл өз лидерине ишенимдүү болушу керек. Калк жетекчилердин түшүнүксүз чечимине, жетекчиликке ылайык келбеген билдирүүлөрүнө таң калбашы зарыл.
Кыргыз мамлекетинин өнүгүү максаты төмөндөгүчө болушу мүмкүн эле:
Коомдук жашоо сапаты жогору болгон рухий, нравалык эрежелердин негизинде түзүлгөн мамлекет катары дүйнөлүк цивилизацияда татыктуу орун алуу. Жөнөкөйлөштүрүп айтканда:
-Кыргызстан-экологиялык эң таза өлкө;
-Кыргызстан-жаңы рухий жана этикалык дүйнө ж.б.
2. Максатка жетүү үчүн команда керек. Жаңы адеп-ахлактуу, интеллектуалдуу атайын кызматкерлер зарыл. Командада төмөндөгүдөй адамдар иштеши зарыл:
-Өзүн же жакындарын, айылдык, райондук деңгээлде ойлобогон, көп кырдуу, системалык жана аналитикалык билимге ээ кишилер;
-Бир эле чөйрөдөгү адистер эмес, ар тараптуу, компетенттүү, системалык жана аналитикалык билимдерге ээ кишилер;
-Жогорку рухий –нравалуу, өзүнүн элин сүйгөн;
Ошону менен бирге команда:
- элдин бийликке болгон ишенимин кайтаруу;
- акылдуу жана түшүнүктүү болуу;
-жоопкерчиликтүү болуу;
-Бул профессионалдык компетенттүүлүк, пунктуалдуулук ж.б. тыгыз байланышкан башкы сапат;
-ийкемдүү жана оперативдүү болуу;
-Биздегидей бир нече айда кылмыштык чечимдерди кабыл албоо, мисалы, өкмөттүн курамынын түзүлүшүн айтсак болот;
-Элдин талабына зирек жана акылман болуу;
-Жетекчиге жөн гана мекенчил болуу жетишсиз, өз элин сүйүү да маанилүү;
-Чет элдиктер менен сүйлөшүү жүргүзгөнгө жөндөмдүү, элдин кызыкчылыгын жана баалуулугун коргогондор;
3. “Ре”-“форма” жасоочу эмес, бийликти күч менен алмаштырбаган, баалуулуктарды жана максаттарды өзгөртүүчү, б. а. идеологияны, өнүгүүнүн концепциясын б.а., акылдын революциясын жасай алчулар керек. “Реформа” деген түшүнүк “ре” (өзгөрүү) жана “форма” (“ре-форма”) деген эки сөздөн туруп, форманын өзгөрүшүн билдирет. Мисалы, “реорганизация”-организациянын, уюмдун өзгөрүшү. “Реконструкция”-конструкциянын, түзүлүштү өзгөртүү ж.б.у с.
Биз реформанын эсебин эмес, анын маңызын, жаратылышын, түзүлүшүн, негизин өзгөртүшүбүз зарыл. Тактап айтканда, баалуулуктардын көрсөткүчүн, дүйнөгө болгон көз карашты түп тамырынан өзгөртүп, анын натыйжасында мамлекеттик система жана коомдук түзүлүш өзгөртүлүшү кажет. Азыркы учурда демакратизациялоо боюнча бардык реформаларды, тактап айтканда, Кыргызстанды талкалоону токтотуу зарыл.
Демократия-бул жөн гана идея, факты эмес, ал эч жерде жок жана болгон да эмес. Кандайдыр бир деңгээлдеги анда либералдык стандарттар жана баалуулуктар бар. Демократия кайсы жерде көп болсо, ошончолук талкалап, жоготот. Кытайды эле мисалга алалы, алар демократияны жыттап да көрбөгөндүктөн, экономикасы дүйнөдө №1 орунда турат.
Баалуулук жана адилеттүүлүк, социалдык, нравалык мамлекет менен коомдун негизинде жаңы этикалык мамлекет түзүлүшү керек. Ошону менен бирге алар элдин салтына, ата-бабалардын осуятына таянган жана прогресстин талабына жооп бере алчу заманбап чындыкка негизделиши керек. Адам тарабынан ойлонуп табылып, кабыл алынган баалуулуктар менен кошо кыргыз элине мүнөздүү болгон жана улуттук өзгөчөлүктү өзүнө камтыган принциптерди жана баалуулуктарды орнотуу керек.
Мисалы, кыргыз элинин ынтымагы, биримдиги; кыргыз элинин өзгөчөлүгүн коргоо жана сактоо; кыргыз элинин биримдигинин негизи катары уруулук мамилелерди таануу; ата-энени, улууларды сыйлоо; эмгекти сүйүү жана чогулуп иштөө; берешендик; меймандостукту сактоо; жаратылыш, аалам менен айкалышып жашоо ж.б.
Демократиялык мамлекетти эмес, нравалык, этикалык, мамлекетти түзүү мезгили келди. Капиталисттик либералдык өндүрүштүн негизинде эмгекти бөлүштүрүүнүн ордуна жамааттык өндүрүшкө өтүү керек. Эмгектин бөлүштүрүлүшү адамды сабырдуулуктан, өнөктөштүктөн жана биримдиктен ажыратат.
Бийликти бөлүштүрүү принциптеринин негизиндеги мамлекеттик башкаруунун ордуна биримдик жана бириктирилген бийликтин принцибине өтүү зарыл. Басымды адам укугуна ашыкча маани берүүгө эмес, адамдын жоопкерчилигине коюу кажет. Соттордун көз карандысыздыгы бул-соттор эч нерсени чечпейт дегенди билдирет. Соттордун чечими мыйзамга жана адилеттүүлүккө негизделип чыгышы керек.
Укуктук мамлекет римдиктердин мыйзамына ылайык түзүлүп, мыйзамдарга негизделет жана мамлекет тарабынан бекитилген мыйзамдар полиция тарабынан корголот. Ал эми этикалык мамлекет моралдык принциптерге негизделүү менен коомдун адеп-ахлак нормаларына дал келип, коомдук ой-пикирге таянат.
Кыргыз бийлиги өсүүнүн ордуна дагы деле олтуруп алып кум ойноп жаткандыгы өкүндүрөт.
Башкаларды коёлу, кошуна мамлекеттер алдыга умтулууда. Азаматтар, эми бири-бириңе жалаа жаап, куру убаракерчиликти токтотууга мезгил жетти. Андыктан эмне кылышты билбесек жок дегенде, китеп окуйлу! “Дежур серепчилерди” эмес, адистерди угалы! Эмне кылышты билбегендер, билгендерге орун бошотуп бергиле да, кыргыз элине зыяныңарды тийгизбей, үйүңөргө барып диванга жатып алып, PUBG ойногула!
Гүлжан Шерипбаева, NazarNews.kg