www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кариб деңизиндеги Гаити өлкөсүнүн президентине кол салуу болду. Президент Жовенель Моизге (1968-жылы төрөлгөн) белгисиз адамдар бир нече жолу ок чыгарганын өлкөнүн премьер-министри Клод Жозеф билдирди.
Анын айтымында, окуя резиденцияда бүгүн, 7-июлга караган түнү болгон. Кол салгандар испан тилинде сүйлөгөнү айтылды.
Куралдуу кол салуу учурунда маркумдун жубайы Гаити Мартин Мари Этьен Жозеф да жабыркаган.
Гаитинин президентине ушул жылдын февраль айында дагы кол салуу болгон. Ал учурда өлкөнүн атайын кызматы өмүрүн сактап калган болчу.
Жовенель Моиздин Гаитинин президенти болуп 2017-жылдын 7-февралында иштеп баштаган. Анын мөөнөтү 2022-жылдын февраль айында аяктамак. Оппозиция болсо аны отставкага кетирүүгө бир нече ирет аракет кылган.
Басылмалардагы маалыматтар боюнча, маркум президент фермер (атасы) менен тигүүчүнүн (апасы) үй-бүлөсүндө өскөн.
Булак: NazarNews.kg