www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түндүк Корея, өзүнө багытталган душмандай саясатынан баш тартмайынча АКШдан мурда Японияны «күлгө айланта ала турганы» менен коркутту.
Түндүк Кореянын расмий берүү органы KCTVнын маалыматына караганда, Тынчтыкты коргоо комитетинин төрагасы Пак Чонг-ае, жарыялаган билдирүүсүндө, «Эгерде Япония коопсуздугунан чындап эле санааркап жатса, анда Түндүк Кореяга карай душмандай мамиле кылуусунан баш тартышы керек жана өз жерлериндеги АКШнын базаларын жоюшу зарыл. Алды алынгыс шарттардын пайда болушу жана Токионун душмандай мамилесин уланткан учурунда, АКШдан мурда Японияны күлгө айлантабыз»,-деп айтты.
Пак, Япониянын Түндүк Корея сыяктуу жеңилбес жана аесуз ядролук куралдары бар өлкө менен жарышка түшпөшү керектигин эске салды.
Мындан мурда Түштүк Корея жана АКШнын биргелешкен машыгуусун сынга алган Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын, эки өлкөнү ядролук куралдар менен коркутуп, «Эң кымындай бузуу аларды күл жыйындысына айлантат»,деген.
Бир тараптан Европа Биримдиги, атомдук жана баллистикалык ракета сыноолорун кылган Түндүк Кореяга карай санкцияларды кеңейтти.
Буга караганда, ЕБнин БУУнун коопсуздук кеңешинин токтомуна шайкеш түрдө Түндүк Кореяга киргизген чектөөчү чара көрүүлөрдүн алкагында 14 киши жана дагы 4 фирма санкция тизмесине кошулду.
Ушундайча ЕБнин санкция тизмесинде мал-мүлкү тоңдурулган же виза тыюу салуусу киргизилген, БУУнун токтомуна ылайык 46 фирма жана 53 киши бар.
Булак: "trt.net.tr"