www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда Индия мамлекетинин Хайдарабад шаарында жүргөн Гүлзат Маичинова менен  интернет аркылуу бу жолу орозо боюнча баарлаштык.

--Хайдарабад шаарында канча адам жашайт жана кайсы динди тутунат экен?

--Хайдарабад шаары негизинен мусулмандардын шаары. Бул жерде ислам дининдегилер дээрлик калктын көбүн түзөт. Калкынын саны 6 млн.го жетет. Биздин Кыргызстан бул жерде бир шаарга эле батып калат экен.

--Мусулман шаары болсо орозо кармап жатышкан турбайбы? Орозо кармоосу бизден айырмаланса керек?

--Ооба, Рамазан айы, орозо кармап жатышат. Бул жакта орозо кармоо мага башкача туюлуп жатат. Эртең менен саат 4.11де - ооз бекитүү. Эртең менен кечинде атайын сирена сыяктуу добуш менен саат 3.00до ойготушат.

Бул жактагылар Рамазан айы бүткөндө үйдөгү бардык төшөнчүлөрүн, кийимдерин жаңыртат экен. Биз айтка карата тамак жасасак, булар үйлөрүн жана кийим кечектерге өзгөчө басым жасашат экен.

--Мечиттер көппү же азбы?

--Хайдарабадда чоң мечиттердин бири Чарминар мечити бар. Индия боюнча бул мечит 2-орунда турат. Бул жактагылар үчүн абдан ыйык Меккедей касиетке ээ болгон жер экен. Бул мечитти курууда Мухамад пайгамбардан Меккеден 2 таш алып келинген деп айтышат.

--Хиджаб кийишеби?

--Аялдардын көбүнүн беттери никап менен жабылган. Кара түстөгү буркаларды көчөдө, үйүндө жүргөндө сари кийишет. Алтындан иймек ,билериктердин түрлөрүн тагынышат. Абдан сыпайы, ыймандуу, жөнөкөй келишет.

--Калкы байбы же кедейби?

-- Жашоо шарттары да жупуну, жөнөкөй. Бардыгы соода сатык менен иш кылышат. Кичинесинен карысына чейин соодагерлер. Негизи Хайдарабад шаары хандык болуптур. Индиядагы эң бай жер деп алмаз кендери ушул жерде чыкчу экен.

Назира Саалиева

Булак: NazarNews.kg

Последние новости