www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Түндүкэлектр” ААК ишканасы эртең, 9-сентябрда карызы бар 7 миңден ашуун абоненттин жарыгын аралыктан өчүрөт. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти.
“Түндүкэлектр” ишканасы ар түрдүү ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат.
Кошумчалап кетсек, абоненттер почта бөлүмдөрүндө кезек күтпөстөн электр энергиясына болгон төлөмдү терминалдар аркылуу төлөсө болот. “Түндүкэлектр" ААК төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алат.
Муну менен бирге төлөмдү "Quickpay", "Pay24", "UMAI", "KICB", "БТА Банк" терминалдары, "UMAI", "Элсом" электрондук капчыктары, "Айыл Банк", "Дос Кредо Банк", "БТА Банк", "Кыргызстан Коммерциялык банкы", "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын кассалары аркылуу жүргүзсөңүздөр, төлөм тууралуу билдирме “Түндүкэлектрдин” маалымат базасына дароо кели түшөт деп айтылат маалыматта.
Ал эми “Акылдуу” эсептегичтерге (ЭКЭАМЧАС эсептегичтери) кошулган жана өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн аралыктан өчүрүлгөн керектөөчүлөрдүн электр жарыгы төлөм толук жүргүзүлгөнү тууралуу “Түндүкэлектр” ААКнын маалымат серверине билдирме түшкөн соң электр жарыкка кошулат.
Андан кийин, серверден автоматташтырылган система адамдын катышуусуз абоненттин эсептөө приборуна кошулууга билдирме жөнөтөт.
Булак: NazarNews.kg