www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Англиянын падышалык үй-бүлө мүчөсү макамынан баш тарткан ханзаада Гарри менен жубайы Меган Маркл Виндзордогу Frogmore Cottage’ди жаңылоо үчүн алган 2,4 млн долларлык карызды (240 млн сом) Падышалык династияга кайтарганы белгилүү болду.

Англиялык маалымат булактары жубайлардын Netlix компаниясы менен түзгөн 150 млн долларлык келишимдин негизинде Падышалык династияга болгон карызын төлөгөнүн айтышууда. Ошондой эле, аталган келишимге ылайык ханзаада Гарри жана жубайы Меган Марклдын катышуусунда кино, көрсөтүү жана балдарга арналган программалар жүзөгө ашаары белгилүү болду.

Белгилей кетсек, Гарри менен Меган учурда АКШнын Калифорния штатында 14 млн фунт стерлингге сатып алган үйдө жашап жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости