www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу президент! Урматтуу кыргызымдын саясатчылары менен илимдүү, билимдүүлөрү!

Дүйнө жүзүндөгү миңдеген этностордун 254нүн гана өзүнүн улуттук мамлекети бар. Ошол 254 мамлекеттердин бардыгында мамлекеттик көз карандысыздыкка жетишкен күндөрүн улуу улуттук саясый майрам күн катары негизинен «көз карандысыздыктын күнү», «улуттук күн» же «улуттук боштондук күнү», «эркиндикке жеткен улуу революция күнү» жана башка аталыштарда ушунчалык мекенди сүйүү сезими менен майрамдашат. Кыргыз эли, ошол 254 өз мамлекети бар бактылуу элдердин бири катары өз мамлекетинин көз карандысыздыгын быйыл 31-август күнү 29-жолу белгилейт. Бирок Эмгек Кодексинде 31-август көз карандысыздыктын күнү, майрам күн - деп турганына карабай, эмнегедир элибиз тарабынан майрамдалып келгени деле билинбейт. Эмне үчүн? Балким көз карандысыздыгыбызды жалпы элибиз саясый күрөшкө чыгып албаганыбыз  үчүндүр? Балким СССРдин кыйрашы менен кокусунан бийликке келген президентибиз, менен анын командасы эгемендик менен көз карандысыздыктын айырмасын билбей бул улуу күндүн баркын элибизге жеткиликтүү жеткирбегенинендир? Же 29 жыл өтсө да мамлекеттик көз карандысыздыкты бекемдөө, анын саясий маанисин өрчүткөн  атайын саясат, идеология жоктугунандыр? Бирок, саясаттын, эркиндиктин, мамлекеттин эмне экенин жакшы түшүнгөн мекенчил кыргыздар үчүн, бул күн майрамдардын майрамы! Улуу улуттук майрам! Кыргызстандын азырынча жардылыгына карабай аны чанбай, жерибей кайда жүрбөсүн аны өз үйүм деп сыймыктанган ар бир мекенчил, күжүрмөн, чыдамкай кыргыз мекендештеримди ушул улуу улуттук майрамыбыз менен куттуктаймын!

Ананчы кыргызда «карагандын түбү болсо да өз үйүм болсочу»- деген сөз бар. Азырынча жарды, түпкүлүгүндө бейиштин төрүндө жайгашкан Кыргызстан чыныгы бейиштеги өлкөгө айланат. Ал үчүн биз өзүбүз ар бир кыргыз, ынтымагыбызды бузбай, ары-бери чайпалып адашпай, элдин сак-саламаттыгына келген апааттарга каршы бекем турсак, Кыргызстанда саясый, диний, жарандык уюмдарды түзүп, аларды каржылап, анан Кыргызстанда өз саясатын жүргүзгүсү келишкен сырткы күчтөргө алданбай, дос менен душманды так ажырата билип жүрсөк, Кыргызстаныбыздын көз карандысыздыгын, бүтүндүгүн көздүн карегиндей сактасак ал күндөргө жетүү да  алыс эмес, ал өз колубузда. Эгемендиктин алгачкы жылдарынан  бери саясый шарттар менен сырттан сунушталып жаткан «үйлөрдүн» үлгүсүндөгү Кыргызстанды курабыз деп жүрүп 29 жыл өткөрдүк. Кана Щвейцария? Кана Франция? Кана Малайзия же Америка? Ошол 1990-жылдардагы Советтик үлгүдөгү Кыргызстаныбыз да бүгүн жок! Азыркы кыргыздар, 29 жыл мурун советтик үлгүсүндөгү үйүн, чет элдик кеңешчилердин тили менен тыптыйпыл кылып бузуп алып, анын ордуна  жаңы үйүнүн фундаментин да куралбай, тунгуюкка кептелип, кыйчалышта  калган адам кейпинде. Кыргыз ушундай абалда турганда, төрт коңшубуз тең, аймагыбыздын бүтүндүгүн бузуп, айрым стратегиялык участкаларыбызды ээлеп алды. Экономикабыздын өзөгүн түзгөн кен-байлыктарыбыз түгөлү менен чет элдиктердин колуна өттү...Совет доорундагы завод-фабрика, колхоз-совхоз жана башка жалпы элдики делинген байлыкты 1- президент, өз жакындарынан, батыш тибиндеги жаңы кыргыз олигархтарын, элитасын жаратуу максатында аларга ит бекер таратып  берди. Аларга демократияга, рынок экономикасына, либерализмге өтөбүз шылтоосу менен чет элдик донорлордон алынган кредиттерди да кошуп берди. Бирок, 1-президенттин, жакындарынын ичинен 29 жыл ичинде жаңы кыргыздын үйүн куруучу жаңы  саясий элита, жаңы кыргыз, чыныгы демократ, реформатор жаралган жок.

Экинчи президент болсо, элдин колунда калган, өз депутатын түз шайлоо укугун 2007- жылы күзүндө референдум жолу менен тартып алып, элге депутатты эмес «менин партиямдын тизмесине добуш бересиң»- деп, “Ак-жол”-партиясы менен парламентти менчиктештирип алды. Убактылуу Өкмөттүн 2011-2016-жылдар аралыгында, президент, депутат болуп жүрүшкөн мүчөлөрү, жогорудагы кетирилген саясый каталарды оңдомок тургай, Конституцияга каршы келген мыйзамдар менен, бүткүл аткаруу бийлигин, айыл өкмөтүнө чейин, судьяларды тандоо кеңеши аркылуу сот бийлигинин кадрларына чейин парламенттеги  менчик партиялардын фракциялары бөлүп алгыдай «реформаларды» жүргүзүп, бардык бийликти  улам жаңы келген президент өз үй-бүлөлүк партиясы аркылуу жаңылап узурпация кылып турушуна түз жол ачышты. Мындай реформа мамлекеттик бийлик бутактарынын туруксуздугуна алып келип, мамлекеттик бийлик парламенттеги менчик партиялардын ортосундагы улам соодаланып туруучу буюмга айланды. Башкы сатуучу болуп, президенттин партиясы делингендер кадыресе калыптанды. Атамбаев алты жылда 6 Өкмөт алмаштырганы ага далил. Ошентип саясый партияларга, депутатка, парламентке болгон элдик ишеним азайды. Шайлоодо  мамлекет, эл үчүн, идеаялык жактан, саясий көз караштардын таймашы, акчалуулардын, кландардын ортосундагы өз ара кармашка айланды. Мисалы, эски президент менен жаңы президенттин тарапкерлеринин күрөшүнө.Саясый оппозиция деген түшүнүк болсо, шайлоо алдында гана эптеп добуш алыш үчүн же жеке ишин бүткөрүп алыш үчүн мамлекеттик саясатка эмес, жеке президентке сын-пикир айтымыш болгондордун же анын жеке душмандарынын, ыдык көргөндөрдүн, кызматтан түшкөндөрдүн же таарынычы, же кылмыш иши барлардын тобуна айланды. Партиялык тизмени шайлоо системасы, эл алдында жооп бербеген намыссыз, арсыз саясатчылардын инкубаторуна эле айланбай, элди да кайдыгерликке, саткындыкка түртүп жатат. Себеби аларда депутатты тандоо укугу жок, кааласаң тизмени шайла, каалабасаң добуш бербе деп, шайлоодогу чечүүчү ролдон ажыратылган. Чечүүчү роль депутатты тандоодо партия ээси менен партияны каржылагандардын колунда. Мен карапайым элди, партия ээлерин күнөөлөбөйм. Анткенге укугум да жок. Ушундай элдин укугун көз көрүнөө бузулуп, бурмаланып жатканын билген, түшүнгөн эл ичиндеги сабаттууларды, аны коргоп, пайдаланып жүрүшкөн  президенттерди, саясатчыларды күнөөлөп жатам.

Урматтуу президент! Урматтуу кыргызымдын саясатчылары менен илимдүү, билимдүүлөрү!

7-чакырылышта депутат болом деп партиялык тизмеге киргизилген  талапкерлер! Кыргызстандын көзкарандысыздыгынын 29-маарекесинде, кезектеги Жогорку Кеңешке өтүп жаткан шайлоо учурунда мен сиздерди азыр күчүндө турган Конституциябыздын, мамлекеттин саясий системасына, шайлоо системасына, демократияга, адам укугуна байланыштуу 4 эле беренесине  де-юре жана де-фактого көңүлүңөрдү  бургум келет:

1.Бүткүл дүйнө жүзүндө, мамлекеттин башкаруу формасы негизинен аткаруу бийлиги кимдин колунда болсо, ошого жараша кандай башкаруу формасындагы өлкө экени таанылат. Мисалы, биз суктанган АКШнын аткаруу бийлигин АКШнын президенти өзү түзөт, Өкмөт мүчөлөрүн озу дайындайт жана бошотот. Ошон үчүн АКШ башкаруу формасы боюнча президенттик өлкө. Дагы бир кыргыз суктанган Германиянын Өкмөтүн шайлоодо утуп келген партия же партиялар коалициясы аныктайт, президентинен сурабайт. Ошон үчүн Германия парламенттик өлкө. Бирок, немецтер кыргызга окшоп тизмени эмес, партиялар конкреттүү шайлоо округуна көрсөтүшкөн талапкерлерге добуш берет. 50 пайыздан көп округдардан өз талапкерлерин алып өткөн партия жеңүүчү партия болот. АКШ да, Малайзияда да, бүткүл дүйнө элдеринде партиялар ушундай шайлоо системасы менен шайлоого катышат. Эми биздин Конституциядагы Кыргызстандын аткаруу бийлигин ким түзөөрүн окуйлу:

«Бешинчи бөлүм. Кыргыз Республикасынын Аткаруу бийлиги.

84-берене.1. Депутаттык мандаттардын теңинен көбүнө ээ болгон фракция же анын катышуусу менен фракциялардын коалициясы жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы өткөн күндөн тартып, 25 жумушчу күндүн ичинде Премьер-министрдин кызматына талапкерди көрсөтөт. Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер Өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын Жогорку Кеңешке киргизет.

85- берене.1. Өкмөт өзүнүн ишинде ушул Конституцияда каралган чектерде Жогорку Кеңешке отчет берет жана анын алдында жооптуу болот.

2.Премьер-министр Өкмөттүн иши жөнүндө жыл сайын Жогорку Кеңешке отчёт берип турат»- демек де-юре Конституция боюнча биз Германияга окшоп парламенттик башкаруудагы өлкөбүз. А де-факто боюнчачы? Биз таза президенттик республикабыз, миаслы президент Атамбаев өзүн кошкондо 6 Премьер-министрди жеке аныктаса, азыркы Премьер-министр Бороновду  ким тандады? Албетте, азыркы  президент!? Эмнеге президенттерге кол бала парламент, үй- бүлөлүк партия керек? Болгону мыйзамсыз президенттик кландык бийликти колдон чыгарбоо  жана «мына бул партиялар Өкмөттү аныктап жатат»-деп коомчулукту алдап  туруу үчүн керек! Эгемендиктин 29 жылынан бери, биз өзүбүздү-өзүбүз, элди, дүйнөлүк коомчулукту,  «башкаруунун аралаш формасында, парламенттик  формасындабыз» - деп алдап жүрөбүз. А чындыгында 1993-жылкы Конституция 12-жолу оңдолсо да, үй-бүлөлүк президенттик-кландык башкарууга эл эки жолу каршы көтөрүлүп, эки президент качкын болуп, ушул режимди аркалаган 3-сү түрмөдө жатса да, президенттик жеке кландык башкаруу бүгүн да улантылып жатат. Ушундан улам СУНУШУМ: Күчүндө турган Конституциянын 2-беренесиндеги:  «1.Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп саналат»-деген жобого таянып, ошол элден «башкаруунун кайсы түрүн колдойсуң?»-деп, бир жолу сурап алып, анан элдин тандоосуна ылайык же АКШдай башкаруунун таза президенттик формасына өтүп жоопкерчилиги менен президентке мыйзамдаштырып берели же президент аралаша албай турган кылып, Германияныкындай таза парламенттик башкарууга өтөлү. 29 жыл ичинде «сага кандай башкаруу керек»-деп бийликтин, эгемендиктин ээси болгон элден бир да жолу сурабадык, башкаруунун түрүн президенттер каалагандай оңдоп келишти. Мындайга эми жол бербешибиз керек. .2. Конституциянын 2-беренесинин 4-пункту: «Кыргызстанда ...Шайлоо эркин болуп саналат. Жогорку Кеңештин депутаттарын, Президентти...шайлоо, жалпы, тең жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен өткөрүлөт» Туура, дүйнөлүк эл аралык стандарттагы шайлоо принциби жазылган. Эми иш жүзүндө кандай? Жогорку Кеңештин депутаттарын тең, түз шайлап жатабызбы? Албетте, жок! Шайлоочу партия ээси тизмеге киргизгендердин гана тизмесине добуш берет туурабы?! Келгиле анда Конституциядагы «КР ЖК нын депутаттарын»- дегенди «партиялардын тизмесин» - деп оңдоп, «жалпы, тең, түз,»- дегенди алып салалы, же Конституциянын талабы бузулбай шайлоого талапкерлер түз барсын! Азыр депутатты эч ким түз шайлабайт, шайлоочу партия ээси тизмелеген тизмекке иш жүзүндө саясый партияга гана добуш берет. Шайлоо процессинде шайлоочунун добушу, партия ээси түзгөн тизмени өзгөртө албаган соң, эмне кереги бар калп эле элдин акчасын коротуп шайлоо өткөрүп?!

3.Конституциянын 16-беренесинин 2-жана 3-пункттары. «Кыргыз Республикасында мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей», «Эч ким жынысына, этноско таандыгы, саясый же башка ынанымдары, мүлктүк же башка абалы ... боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес» Конституциянын 52-бренеси.1-п.,2- п.п. «Жарандар...ушул Конституцияда...каралган тартипте, мамлекеттик бийлик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоого жана аларга шайланууга укуктуу» Эми иш жүзүндө бул укуктар кандай? 1).Кыргызстанда жарандар бир партияга кирмейинче Жогорку Кеңешке шайлана албайт! Анда Конституцияны «партияга кирген жарандар гана шайланууга укуктуу»-деп оңдойлу же жарандардын укугун бузбай так аткаралы! 2).Кыргызстанда Жогорку Кенештин депутаты болом дегендердин тизмеси ар бир төртүнчүсү, үчүнчүсү жынысына жана улутуна карап түзүлүп жатпайбы? Анда Конституцияга жазалы «Кыргызстанда аялдар эркектер менен, башка этноско таандыгы барлар кыргыздар менен тең укуктуу эмес, алар шайлоого катышса тизмеде ар бир үчүнчү же төртүнчү гана болот»-деп. 3).Реалдуу түрдө Кыргызстанда акчаң  жок болсо же партия түзө албайсың же партиялардын алдыңкы тизмесине кире албайсың туурабы? Бул мүлктүк кодулообу?! Ооба, таптаза кодулоо болот. 2007-жылы күзүндө, Максимдин еврей достору бакиевдик үй-бүлөлүк “Ак-Жол” парламентин түзүү үчүн партиялык тизмени шайлатуу шайлоо системасын жаңы ойлоп чыкканда маркум Д.Садырбаев бир үкөсүнүн партиясына кирейин десе, «акчаң жок» деген негиз менен тизменин арт жагынан орун берилет. Ошондо «ушундай кордук көрөм деп ойлободум эле эй, Азимбек»- деп буркурап ыйлаганына Эркин Булекбаев жана башка бир тобубуз күбөө болгонбуз.

Урматтуу президент, урматтуу эл жакшылары, азыр Докеме окшоп партияларга акчасы жоктугунан кире албаган канчалаган азаматтар жүрөт. Анда Конституциянын бул жобосун да «Жогорку Кеңештин депутаттык тизмесине партиялар акчасына, жынысына, этностук таандуулугуна жараша түзөт»-деп оңдойлу. Же жарандардын тең укуктуулугун сактайлы. Ансыз да акчасы жок кыргызым, мекеним дешкен эгемендиктин алгач жылдарында улуттук мамлекет, улуттук кайра жаралуу идеалары менен чыгышкан КДКлар, Асабачылар, Кайран элчилер саясый аренадан таптакыр сурулушту. Себеби, Кыргызстанда кыргызым, деген партия, саясатчылар эле эмес кыргыздын өзү, өз жеринде реалдуу кодулоодо жашап жүрүшөт. Азыркы шайлоого катталган партиялар орусчул, батышчыл, исламчыл, реваншчыл, анан бийлик түзгөн президентчил. Башка партия жок!

Урматтуу президент, чыныгы улут лидери, мамлекет башчысы, мамлекеттин атын алып жүргөн улуттун кызыкчылыгы үчүн бир улутчул-мекенчил партияны ар дайым парламентте алып жүрөт. Бул дүйнөлүк практика. Мисалы, Россияда эмне  үчүн Путин Жириновскийди парламентте кармап жүрөт? Анткени, анын оозу менен орустардын кызыкчылыгы корголот, башкалар кодуланат. Сиз дагы коомчулукта айтылып жаткан үч партияныздын бирин улутчулдардан түзсөңүз сизге эле аброй болмок. И.Раззаковго окшогон, улутчул адамдардан түзүлгөн партиялар гана, сырткы саясий күчтөргө каршы туруп, кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын, салтуу мусулманчылыгын, маданиятын, тарыхын, жер-суусунун бүтүндүгүн, кен-байлыктарын, мамлекеттин эгемен, көз карандысыздыгын бир бүтүн саясый идеологияга бириктирип сырттан каржыланган партиялардан, саткын президент, депутат, Өкмөттөн, үй-бүлөлүк партиялардан коргоп, улуттук кадрлардын, мекенчилердин көбөйүшүнө таасир бермек. Улуттук, укуктук Кыргызстан ушундай бир бүтүн улуттук идеаларга бириктирилүүгө муктаж. Мисалы жалаң төш Баяс Туралга окшогон улутчул илимпоз, окмуштуулардан, Аалыга окшогон акындардан, Абыкеевге окшогон жазуучулардан, Айбек мырзага окшогон мекенчил жаштардан, Анаркулов, Назаралиевге окшогон журналисттерден, Кошалиевге окшогон курултайчылардан, кыргыздын желегин желбиретип дүйнөлүк спорт, маданий иш чараларда көтөрүшүп жүрүшкөн уул-кыздарыбыздан кантип бир партия чыгарса болбосун?! Андайлар жүздөп саналат, мына элдин башына түшкөн таажы апаатында кимдер ыктыярчылар болушту, чыныгы мекенчилдер гана ...

4.Эми Конституциянын 12-беренесинин 5-пунктуна келели:«5.Жер анын кен- байлыктары....жана башка жаратылыш ресурстары КРнын гана менчиги болуп эсептелет, бирдиктүү экологиялык системаны сактоо максатында, Кыргызстан элинин жашоосу менен иш-аракетинин негизи катары пайдаланылат жана мамлекеттин өзгөчө коргоосунда турат». Абдан так,туура жазылган. Иш жүзүндөчү? Кайсы кен байлыгыбыз мамлекеттин катуу коргоосунда турат? Түптүгөлү менен чет элдиктердин менчигинде турбайбы? Жанына жакын бара албайсың! Аны урматтуу президент өзүңүз да белгилеп айтпадыңыз беле? Кайсы бирдиктүү экологияны сактап жатабыз? Кыргызстандын экология системасы тоолордогу түбөлүк мөңгүлөрдөн башталат. Мөңгүлөрдөн бери талкалоого уруксат берилбедиби? Кайсы Кыргызстандын элинин жашоосу менен иш-аракетинин негизи катары пайдаланып жатат? Айтып бергилечи урматтуу президент, урматтуу эл жакшылары, кайсы кен-байлыкта Кыргызстандын үлүшү бар, канча? Жок үлүшүбүз! Кумтөрдөгү 34 пайыз ал улуш эмес, ал таза түшчү кирешенин Кыргызстанга бериле турган өлчөмү! Кыргызстандан башка дүйнө жүзүндө бир да мамлекет жок, кен-байлыгын чет элдиктерге сатып жиберип, өзү ачка карыз сурап жашаган. Келгиле анда, Конституциянын бул беренесин да оңдоп коелу: «Кыргызстанда кен-байлыктар кимге берилерин, кандай иштетилерин Президент жана анын жакындары, партиясы менен гана чечет, алар менен түзгөн келишим Конституция, мыйзамдардан өйдө турат. Улам кийинки президенттердин өзгөчө коргоосунда болот»-деп. Аны бузбай андан кийинки президенттер өз партиялары менен коргоп жүрүшпөйбү?! Ошондо бүгүнкү реалдуу ачуу чындыкка туура келет. Ушундай деп жазып койгонубузда, С.Жапаровго, Саруулук азаматтарга окшогондор митингге чыгып камалышпайт эле...Ушубу көз карандысыз, эгемен мамлекет болгонубуз? Кен-байлыктарыбызды көзөмөлгө алалбасак эмнебиз көз карандысыз, эмнебиз эгемен.?!

5.Конституциябыздын 52-беренесинин 2-пунктуна келели:«2.Жарандар мамлекеттик жана коомдук мааниси бар маселелер боюнча элдик курултайларды өткөрүүгө укуктуу. Элдик курултайлардын чечими сунуш катары тиешелүү органдарга жиберилет. Элдик курултайларды өткөрүүнүн тартиби мыйзам менен аныкталат». Эң сонун. Ата бабалардан келе жаткан улуттук демократия. Конституцияда бекитилген жарандардын бул укугун он жылдан бери эки чакырылыштагы парламенттин депутаттары Курултай мыйзамын кабыл албай эмнеге бузуп келишти? Нечен жолу бул маселе көтөрүлдү. Акыркы жолу 1-окуудан өткөн мыйзам долбоорун 2019-жылы президенттин аппарат башчысы Жогорку Кеңештен чакыртып алып, мыйзам долбоорун жаңыдан жазуу үчүн өз буйругу менен жумушчу топ түзүп, ага президенттин парламенттеги өкүлүн башчы кылып, ошол бойдон эски долбоор да, жаңы долбоор да кабыл алынган жок.

Урматтуу президент!

Конституциянын 79-беренесинде минтип жазылган:«79-берене.Мыйзам чыгаруу демилге укугу төмөнкүлөргө таандык:1).10 миң шайлоочуга (элдик демилге).,2). Жогорку Кеңештин депутатына.,3.). Өкмөткө.» Суроо туулат, анда эмне үчүн президенттин аппарат башчысы, мыйзамды чакыртып алды? Эмне үчүн жаңы мыйзам иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түздү? Депутат эмес президенттин парламенттеги өкүлүн ал топко эмне үчүн жетекчи кылды? Эмне үчүн ал жумушчу топтун мыйзамы  жоголуп кетти? Конституциянын 5-беренесинин 2-пунктунда:. «2.Элдин эч бир бөлүгү, бир да бирикме, бир да адам мамлекеттик бийликти өзүнө ыйгарып алууга укуксуз. Мамлекеттик бийликти узурпациялоо өзгөчө оор кылмыш болуп эсептелет». Урматтуу президент суроо туулат: Эмне үчүн  президенттин аппарат башчысы мыйзам чыгаруу демилгелегенге укугу жок болуп туруп, парламентте каралып жаткан мыйзамды чакыртып, токтотуп койду? Кайсы мыйзамдын негизинде мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түздү? Ушул аракеттери менен Мыйзам чыгаруу бийлигин же мыйзам демилгелөө укугун өзүнө ыйгарып алган жокпу?- деген. Кокус өлкөдө жагдай өзгөрүлүп, Батукаевдин ишиндей болуп, эмне үчүн муну кылдың деген суроолор берилсе, аппарат башчыңыз «тергөө менен кызматташып жатам»-деп «президент айткан»-дебейби? Азыркы Конституцияда президенттин аппарат башчысы эмес, президенттин өзүнүн Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамга кол коюудан же вето коюудан башка, мыйзам чыгаруу, мыйзам долбоорун демилгелөө укугу жок! Бирок ага карабай президенттер тарабынан көп учурларда каалаган мыйзамдарды токтотуп, каалаганын бир күндө кабыл алдырып жүргөнү 2010-жылдан бери өнөкөткө айланды. Анда Конституцияны президенттин өзү, аппарат башчысы тарабынан буздурбай эле анын 79-беренесине президентке да мыйзам кабыл алдыруу, мыйзам демилгелөө укугун берип оңдоп коелу же  мыйзам чыгаруу бийлигин узурпация кылганды токтотолу! Элдик курултай  эл менен бийликтин ортосундагы ажырымды жакындатат. Бийликтин эл алдындагы жоопкерчилигин, отчеттуулугун калыбына келтирет. Өлкөдөгү көйгөйлүү маселелер ачык талкууланып, нааразылык митингдер азаят. Традициялык Улуттук демократия өнүгүп, элдин бийликке болгон ишеними артат. Элчил президент, жүргүзө турган саясат-реформаларын эл менен кеңешип жүргүзүүгө, аянтча болот.

6.Урматтуу президент, экөөбүздүн акыркы жолугушууларыбызда мен сизден жогорудагы көрүнүштөрдү айтып чукул реформаларга барууну же мыйзамсыз президенттик башкарууну мыйзамдаштырып алууну айтканымда, сиз мени «Конституциядагы мамлекеттик башкарууга тиешеси бар беренелерди  реформалоону өзүңөр Убактылуу Өкмөт 2020- жылдын 1-сентябрына чейин тыйуу салгансыңар. Ал референдумда кабыл алынган. Азыр күчүндө. Мени эртең эле сындап чыгасыңар, өзңөр ылайыктап Конституцияны оңдоп жатат деп. Тыйуу мөөнөтү бүтсүн, менин да оюмда бар, баарыбыз чогулуп, сиз айткандай эл менен оболу кеңешип координалдуу реформага сөзсүз барабыз» - деп мени жүйөөлүү, аргументтер менен ишендиргенсиз. Менин сизге азыр да ишеничим кете элек. 2021-жыл жаңы Парламент менен жаны реформалардын жылы болот деген ишеничтемин. Себеби, бул мамлекеттик саясий системабыз менен, айрыкча бардык коррупциянын бешиги болуп жаткан азыркы партиялык тизмени шайлатуу системабыз менен Кыргызстан эч качан көз карандысыз, эгемен, укуктук мамлекет боло албайт. Коррупциядан да арылбайт! Азыркы саясий системанын сакталып туруусу үчүнчү элдик толкундоонун чыгышына  алып келет. Бирок урматтуу президент, быйыл 1-сентябрдан тартып колуңузду бууй турган Конституциялык чектөө күчүн жоготот. Жаңы парламентке сизди колдогон, азыркы системабызды оңдойбуз деген жаңы депутаттар келет деп ойлойм. Жалпы эл өзгөрүүнү, жаныланууну алда качан күтүп турат. Демек бул жагдайлар, координалдуу реформаларды, тынч жол менен өткөрүүнүн жагымдуу шарттары болуп эсептелет. Маселе бир гана сиздин саясий эркиңизде калат.

Ошондуктан менин кезектеги сунушум:1.Сиздин оппоненттер Жээнбеков дагы мурдагы президенттердин жолу менен өз Конституциясын жазып жатат дебеш үчүн, Конституцияны эмес, башкаруунун түрүнө, шайлоо системасына, бийликтин эл алдындагы отчеттуулугуна тиешелүү үч суроону элдин тандоосуна чыгарууну сунуштайм. Мындай мыйзам долбоору элдик демилге тартибинде ЖКга киргизилгенин билесиз, бирок алар караган жок. 2.Элдин тандоосунан кийин ага ылайык Конституцияга өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү,  Конституцияда көрсөтүлгөн тартипте Жогорку Кеңеш тарабынан жүргүзүлүшү керек.3.Реформанын өзөгүн элдин тандоосуна жараша, мамлекеттик бийликтин үч бутакка так бөлүнүшү, ыйгарым укуктарынын ачык айкындыгы, тактыгы түзүү керек. Эмне дегенде акыркы 13 жылдагы Мыйзам чыгаруу бийлигиндеги көрүнүш, акылга сыйбаган иш болду. Себеби бизде бүткүл кадр маселеси Премьер-министрден тартып, айылдардагы мектеп директоруна чейин, айылдагы кичинекей көпүрөнүн тендерине чейин, кредит, кен-байлыктар маселеси парламенттеги партиялар фракциянын ортосундагы чоң соодага түшүп жатканы, депутат деген статустун өзү бизнесмендерди, артистерди, молдолорду, көчө спортсмендер менен караларга чейин депутат болууга түртүп жатат. Экинчи акылга сыйбаган көрүнүш, бул Мыйзам чыгаруу бийлигине болгон шайлоонун өзү. Шайлоодо шайлоочунун добушу партия ээси аныктаган тизмени өзгөртө албаган соң, эмне кереги бар калп эле элдин акчасын коротуп шайлоо өткөрүп?! Тизмедегилерди да улам бирин кетирип, экинчисин алып келүү беш жыл бою партия эээсинин колунда турат. Ушунун баарын билип, көрүп, билмексен көрмөксөн болгонубуз, оңдогубуз келбегени элдин, мамлекеттин келечегине түкүргөндүк эмеспи?!Эгерде ар бир бийликтин аткарган иши так аныкталып, мыйзам чыгаруучу бийлиги мыйзамын гана жазса, мыйзам жазмак тургай фамилиясын араң жазгандар парламентке жулунмак эмес. Аткаруу бийлиги мыйзамдарды так аткарып иш алып барсын, сот бийлиги  мыйзамга гана баш ийип, сот адилеттүүлүгүн ишке ашырсын. Президент же аткаруу бийлигинин башына Конституциялык деңгээлде расмий келсин же символдуу гана мамлекет башчы катары бир да бийлик бутагына аралашпай Малайзиянын, Англиянын королдорундай Германиянын президентиндей мамлекет башчы деген статуста жүрсүн. Өлкөнү, элди чексиз саясий  туңгуюкта, кыйчалышта анархияда кармоонун да чеги болуу керек!

7-чакырылыштагы Жогорку Кеңешке партиялардын тизмеси менен аттанышкан бардык мекендештериме, бекем ден-соолук, ийгилик жана мекенчилдикти каалайм!

Азимбек Бекназаров, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси

Булак: NazarNews.kg

         

Последние новости