www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ТикТок кытайлык ByteDance компаниясынын ээси АКШнын Президентинин Администрациясын сотко берди. Компания президент Дональд Трампдын ТикТокту өлкөдөгү ишмердүүлүгүнө тыюу салган чечимине каршы сот ишин козгоду. Бул тууралуу The Bell кабарлады.

Компания ошондой эле ТикТок маселеси боюнча АКШ Өкмөтү менен олуттуу талкууга даяр экендигин белгилейт. Компания TikTok командасынын укугун коргоого ниеттенүүдө. "Биз администрациянын ТикТок улуттук коопсуздукка коркунуч келтирет деген көз-карашына макул эмеспиз" деди ал. Иш-аракет кылууга убакыт келди", - деп айтылат билдирүүдө. ТикТоктун жетекчилиги АКШ өкмөтү компаниянын талаптарын кабыл алууга макул болгонуна карабастан, тыюу салынып жатканына таң калды. Бирок, алар алгач бул талаптарды кабыл алышкан жок.

Эске салсак, 6-августта Дональд Трамп ТикТоктун өлкөдөгү ишмердүүлүгүнө тыюу салган жарлыкка кол койгон. Чечим 45 күндөн кийин күчүнө кирет деп күтүлүүдө. Ушул убакыт аралыгында, эгерде компания өз үлүшүн америкалык компанияга сата алса, программа улантылат.

Суннатилла Абдуллаев, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости