www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вице-премьер Акрам Мадумаров Ташкент шаарына жасаган жумушчу сапарынын алкагында Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен жолугуп, бир топ маселелерди талкуулады. Бул тууралуу премьер-министрдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматта Ариповдун эки өлкө ортосундагы бир катар багыттар боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыктын өнүгүп жаткандыгын сөз кылганы кабарланган.

Анын айтымында, эки мамлекет жетекчилеринин саясий эркине жараша акыркы мезгилде эки тараптуу кызматташууда чоң өзгөрүүлөр орун алган.

"Бардык деңгээлде активдүү диалог жүргүзүлүүдө. Эки тараптуу товар жүгүртүүдө өсүштөр байкалып, инвестициялык кызматташтык кеңейип, маданий байланыштар чыңдалууда", - деген Арипов.

Мадумаров Кыргызстандын мындан ары карай эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана өз ара эки тараптуу мамилелердин тереңдетилишине өзгөчө маани берилерин белгилеген.

"Эки элди көп жылдык достук жана коңшулук мамилелер бириктирип турат. Биздин милдет – достук мамилебизди, өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоону улантуу, экономиканы өнүктүрүү үчүн колдогу мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу, коңшулаш бир тууган элибиздин бакубаттуулугу үчүн чек ара маселелерин чечүү болуп саналат", - деп белгилеген Мадумаров.

"Ошондой эле тараптар эки өлкөнүн кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын ишин жемиштүү өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи", - деп айтылат кабарда.

Андан сырткары өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана чек ара кызматташтыгы боюнча маселелер да талкууланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости