www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британияда учуучу таксилер курулууда

Британиянын Бристоль шаарындагы Vertical Aerospace компаниясы 30 мүнөттүк ылдамдыкта 76кмди басып өтө алган абада учуучу E-Taxi транспортун куруунун үстүндө. Үлгүнүн прототиби 2021-жылдын сентябрь айында даяр болоорун Bloomberg агенттиги маалымдады.

Аталган компаниянын башкы директору Михаэль Червенканын айтымында, пилотту кошуп 5 кишиге ылайыкталган эмиссионсуз учактын ылдамдыгы саатына 241 км түзөт. Жүрүүчү транспорттор аябай жыш болгондуктан, учуучу транспорт аркылуу көйгөйдү чечүүгө болот. Самолет литий-иондук батареялар менен заряддалат.

Ошондой эле, Vertical Aerospace компаниясы транспорттун баасын ыңгайлуу түрдө чечкенге аракет жасап жатышканын билдирди. Алсак, вертолетто учуу баасы менен дал келиши мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости