www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги “Бүтүн Кыргызстан” партиясына официалдуу түрдө кошулуп, бирок тизмеге кирбей калганын себебин бил албай жаткан Турсунбай Бакир уулу менен баарлаштык.

-Турсунбай мырза, “Бүтүн Кыргызстан” партиясына кошулдум дедиңиз эле. Эмнеге тизмеге кошулбай калгансыз?

«Бүтүн Кыргызстандын» партиясына «ЭрК»партиясы кошулгандыгы жөнүндө партиянын курултайын чечими бар. Ал жөнүндө «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын  курултайында баяндама жасап, курултайыбыздын чечимин Адахан Мадумаровго тапшырдым. Шайлоого аттанган талапкерлердин алдыңкы жыйырма чактысынын аты-жөнүн айтып, Адахан Мадумаров «эми түшүнүктүү да, тизмедеги калгандарды окубай эле коёюн. Убакытты үнөмдөп добуш берүүгө өтсөк кандай дейсиңер?» деп кайрылды. Делегаттар макулдугун беришти. Баарыбызга бирдей бюллетень берилди: «макул» жана «каршы» деген сөздөр бар экен. Бюллетенге талапкерлердин тизмеси тиркелбептир. Добуштун натыйжасы - «84» макул жана «1» каршы болду.

Эртеси мага тааныштар телефон чалып калышты: «Ажыке, тизмеде фамилияңыз жокко» дешип. Түнү Адаханга чоң кат жаздым: «Олигархтарды, соту бүтпөгөндөрдү, трайбалисттерди тизмеге бекер эле кошуп жатасың - элдин астына чыкканда эмне дейбиз?» деп. Адахан офисине чакырды. Кабинетине кирсем - тизмени Темир Сариев менен Курсан Асанов өзгөртүп жатышыптыр. «Капа болбоңуз, биз сизди экинчи десяткадан үчүнчү десяткага котордук. Уюштуруу жана үгүт иштерине коп акча керек экен» деп Адахан айтып калды. Темир Сариев да «акчаны көп бергендерди алдына коюп жатабыз. Ажы аке, капа болбойсуз» деп аны колдоду. «Канчадан беришти?» деп сурасам - «200 миң доллардан беришти» дешти.

«Адахан иним, өмүр бою эмгек маянага иштегенимди билесиң, мен андай акча бере албаймын, - деп айттым. - Бирок Турсунбай Бакир уулун тизмеде жылдырсаңар эле «Бүтүн Кыргызстан» шайлоодон жеңет деген ойдо болсоңор, анда мени тизмеде каалаган орунга коюп бергиле, жада калса - аягына да коюп койгула» деп кабинетинен чыгып кеттим...

-Ошондо курултайда бекиген тизме БШКга берилбей калдыбы?

-Ооба. БШКга курултайда добуш берип, бекиткен тизме берилбептир. Кыскасы, 3-4 киши оңдоп чыккан тизмени БШКга тапшырып коюшуптур. Ушуо күнгө чейин тизмени эч ким көрбөптүр.

-Эмне үчүн тизмеден чыгарып салганынын себебин биле алдыңызбы?

-Эмнеге мени тизмеден чыгарып салганын ушул саатка чейин билбеймин. Курултай бекиткен тизмеден мени чыгарып салганы эч кимдин укугу жок. «Бүтүн Кыргызстандын” тизмесинен чыгып кеттим деп эч кайсы жерде айтпаганмын. Эми укугумду коргоп, тийиштүү жерге арыз жазууга камынып жатам.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости