www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Казакстанга өткөрүп берген активист жана блогер Муратбек Тунгышбаев тергөө аяктаганга чейин эки ай камакта болот. Бул тууралуу анын адвокаты Гүлнара Жуаспаева билдирди.

- Алмалы райондук соту Тунгышбаевди үй камагына алуу чечимин чыгарып, тергөөчү тиешелүү документтерди даярдай баштаган. Бирок прокуратуранын нааразылыгынан кийин ишти шаардык сот карап, Тунгышбаевди эки айга камоо чечими чыгарылды, — деди Жуаспаева.

Анын айтымында, Муратбек Тунгышбаев учурда Алматыдагы Си-18 тергөө абагында камакта. Адвокат активист менен дүйшөмбү күнү жолугууну пландап жатат.

25-июнда Бишкектин Октябрь райондук соту казакстандык активист жана блогер Муратбек Тунгышбаевди экстрадициялоо боюнча Башкы прокуратуранын чечимин колдогон. Ал 26-июнда Казакстанга өткөрүлүп берилген.

Муратбек Тунгышбаев казак бийлигинин өтүнүчү менен 10-майда Бишкекте кармалган. Астана аны бул өлкөдө тыюу салынган, бозгундагы оппозиционер Мухтар Аблязовдун “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдойт деп эсептейт.

Буга чейин "Human Rights Watch" (HRW) укук коргоо уюму кыргыз бийлигин казакстандык жарандык активист Муратбек Тунгышбаевди Казакстанга өткөрбөөгө чакырган.

Булак: Борбордук Азия жаңылыктары

Последние новости