www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
29-июнда парламентте Жогорку Кеңештин Аппаратынын кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу максатында иш-чара болуп өттү. “Ааламдашуу доорундагы Эгемен Кыргызстан: кризистин башталышы жана өнүгүү факторлору” лекциялар сериясынын алкагында Жогорку Кеңештин Аппаратынын кызматкерлерине лекция окулду. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын профессору, философия илимдеринин кандитаты Советбек Абдрасулов парламент кызматкерлерине Эгемен Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясын философиялык аспектиде талдап берди. Ал жалпы эле өлкөнүн бүтүндүгү, анын бузулушу жана аны калыбына келтирүү түшүнүктөрүнө токтолуп, кыргыз руханиятындагы болуп жаткан кризистер боюнча көз караштары менен бөлүштү. Ошону менен катар кыргыз элинин менталитетинин өзгөчөлүктөрүн тизмектеп, анын өлкөнүн өнүгүүсүнө тийгизген таасирлерин талдоого алды. Профессор кыргыз элинде сөз айтылгандан кийин аткарылышы керек экенин, ал аткарылбаса ар-намыска шек келерин белгилеп: “Ар-намысың жоголсо, элден чыгып каласың” деген жөнөкөй сөздү кыргыз маданиятынын люстрациясы десек болот. Ал керек болсо саясый люстрациядан дагы күчтүү”,- дейт. Мындан сырткары, окумуштуу кыргыз элинин менталитетиндеги жоопкерчиликке, баалуулуктарга байланыштуу маселелерге илимий негизде талдоо жүргүздү.
Жыйынтыгында философия илимдеринин кандитаты Советбек Абдрасулов КР Жогорку Кеңештин Аппарат кызматкерлеринин ар кандай суроолоруна жооп берди.
Белгилей кетсек, иш-чара Жогорку Кеңештин Аппараты менен Эберд фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган.
Булак: NazarNews.kg