www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түптөгү кырсык 3 адамдын өмүрүн алды

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунда 12-апрелде түнкү саат 23:14төр чамасында 3 адамдын өмүрүн алган ири жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Балыкчы—Ананьево—Каракол унаа жолунун 204-чакырымында (Михайловка айылына жакын) «Toyota Camry» жана «Ауди С4» үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Натыйжада 19 жана 18 жаштардагы үч жигит каза болуп, дагы үч адам жабыркаган. Алар 20-21 жаштагы балдар.

Тартылган куткаруучулар каза болгон адамдардын сөөгүн унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар Түп райондук ооруканасына тез жардам аркылуу жеткирилген.

Куткаруу иштерине Каракол шаардык №15 өрт куткаруу бөлүгүнөн 5 куткаруучу тартылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости