www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Горький Чолпон-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде эртеңки чоң маарекеге карата бир тонна "Бешбармактын" этин бышырып жатышат. Мындан сырткары бүгүн эт тууроо боюнча мелдеш өтмөкчү.

Уюштруучулардын билдирүүсүндө, жалпысынан алганда 8 жылкы союлган. 150 литрге ылайыкталган 12 тай казан орнотулган. Учурда 1480 кг эт бышырылып жатканын. Ал эми, 110 метрлик чучук эртең даяр боло турганын айтышты.

Эске сала кетсек, Улуттук беш бармакты 5 мартта даярдашмак болучу, бирок, Биринчи Май райондук администрациясы санитердык жана коопсуздук жагы каралбай тургандыгын эске алып, башка жерге өткөрүүнү сунуштаган.

"Ошондой эле, транспортко тоскоол болбогондой жана жарандарыбызга көйгөй жаратпаган жайга өткөрүүнү талап кылышкан. Биз буга түшүнүү менен карадык" - деген уюштуруунун башында турган Элнура Кулуева.

Эми аталган масштабдуу иш чара Аю Grand Comfort жайында эртең 11- мартта өткөрүлмөкчү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости