www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку сотто жалпысынан 35 судья иштеши керек болсо, учурда анын 6 оруну бош турат. Сотоорду кароо кеңеши судья болуу максаты менен арзы жазган 46 талапкердин ичинен:

Кыдык Жунушпаев, Ирина Воронцова, Дамира Орозова, Нургүл Бакирова, Кымбат Архарова, Айдарбек Алымкуловдорду көп упай алышты деген таризде Президенттин кароосуна жөнөткөн. Президент 6 талапкердин сот кылуу, же кылбоо маселесин 10 күн карап, жактырууга парламентке жөнөтөт. Ал ортодо аттары аталган 6 талапкердин жарымына каршы болгон адамдардын саны арбып, өз пикрлерин билдирип жатышат.

Элге жакпагандардын сап башында Ирина Воронцова турат экен. Бул айым Бишкек шаардык сотунда судья, андан кийин (учурдагы кызматы) төрайым болуп турганда бир катар мыйзамсыз иштерди жасаган дешет. Анын мындай иштерин айта берсе арбын экен. Ал эми Чүй облустук сотунун төрагасы Кыдык Жунушпаев Жогорку сот тарабынан бир эмес, начар иштегни боюнча төрт жолу эскертүү алгандыгы айтылууда.

Эске сала кетсек, Президент буга чейин ишмердүүлүгү боюнча бир жолу эскертүү алган судьянынын талапкерлигин четке каккан болчу. Демек, бир эмес, төрт эскертүүсү бар Жунушпаевди кантип судья кылат? Бул жагын да өзү карап көрөр.

Дагы бир талапкер Айдарбек Алымкуловдун соттулугу бар экендиги да айтылууда. Бул жагын өзү “тазалап” салганбы, айтор белгисиз. Эгер Алымкуловдун басып өткөн жолун, бүт документтерин толугу менен тыкыр иликтеп койсо, соттулугу чыгып калышы мүмкүн.

Кыскасы, президент менен парламент бул талапкерлерди тыкыр карап чыгышы зарыл.

Булак: "Багыт"

Последние новости