www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Оторбаев комиссияны айрым документтерге кол коюуга мажбурлаган деп айтылат», - деди бүгүн, 17-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Туратбек Мадылбеков.
- Турат агай, Жоомарт Оторбаев саясий кугунтуктун негизинде камалдыбы же массалык камоого туш болдубу?
- Негизи Атамбаев өзүнө баш ийген адамдарды тандап премьер-министр кылган. Премьер -министрлер мамлекет башчысынын өтүнүчүн аткарып, өз алдынча эч нерсе кылышкан эмес.
Мүмкүн, тергөөдө күчтүү далилдер бардыр, биз алар тууралуу азырынча эч нерсе билбейттирбиз. Ошон үчүн бардык премьер -министрлер абакта жаткандыр. Жантөрө Сатыбалдиев, Темир Сариев... Анан Жоомарт Оторбаев дагы кармалды.
Сыягы, күбөлөр бар окшойт, анткени Оторбаев комиссияны айрым документтерге кол коюуга мажбурлаган деп айтылат. Албетте, бул бөлүмдүн жетекчилери ага каршы көрсөтмө беришкен, ошол себептен ал кармалган. Анын күнөөлүү же күнөөлүү эместигин айта албайбыз. Оторбаев өзү токтоо жана акылдуу.
Менимче, бул саясий куугунтук эмес, анткени ал эч кимге кийлигишпеген жана учурда эч кандай саясатка кирбейт. Мурдун эч жакка тыккан эмес, демек, аны кандайдыр бир себеп менен кармашкан деген ойдомун.
Булак: NazarNews.kg