www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Турдакун Усубалиевдин небереси чоң атасынын кызматтык унаасынын сүрөтүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Маалыматка ылайык, Эсен Усубалиев Маданият министрлигинин Садыр Жапаровго белек кылынган унааны чоң атасы Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болуп турганда пайдаланган унаа дегенине кошулбайт.
--"Алар бул автоунааны ким белек кылганын далилдери менен жазышы керек эле. Экинчиден, Турдакун Усубалиевдин ысымын саясий максаттар үчүн колдонуп калуу ойлору бар экендиги байкалып калды. Биздин өлкөдө жөн гана эч нерсе жасалбай тургандыгын моюнга алыш керек. Үчүнчүдөн, эгер кимдир бирөө Турдакун Усубалиевдин тарыхый эстелигин чын жүрөктөн сактап калгысы келсе, анда ал бул унааны Тарых музейине өткөрүп бериши керек болчу же андан да жакшы, аны тарыхый мекенине, Кочкорго таштап, анын туугандары эстеликке кандай кам көрөөрүн көрсөтүшү керек эле", - деген оюн билдирген.
Анын айтымында, фондго Турдакун Усубалиевдин бир гана кызматтык максатта колдонулган унаасы жөнүндө маалыматы бар. Ал 1974-жылы чыккан Газ 13 Чайка унаасы.
Буга чейин Кочкор районунун Бакай аттуу тургуну Турдакун Усубалиевдин унаасын Садыр Жапаровго белек кылган. Бул унаа Усубалиевге белек катары берилип, нарындык жердештер аны сактап калышкандыгын билдирген. Усубалиевдердин үй-бүлөсү ошол жылдардагы мамлекеттик ишмер мындай белек алган эмес дешкен. Андан кийин Маданият министрлиги аталган унаа Усубалиевдин кызматтык унаасы болгондугун билдирген.
Булак: NazarNews.kg