www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мындан ары NazarNews маалымат агенттигинин “Эл Мурас” долбоорунун алкагында "Сен элиңе эмне мурас калтырдың, же мураска суу колуңду салдыңбы?" – деп, акын жазгандай кыргыз өлкөнүн түптөлүшүнө анын маданиятына, адабиятына, эмгектери эл үчүн мураска калган мыкты инсандар менен баарлашып, калайык калк менен тааныштырып турууну чечтик.
Аталган долбоордун автору жана алып баруучусу, Меңди Мамазаирова. Бүгүн бизде конокто белгилүү сүрөтчү Тургунбай Садыков.
--Сиз 5-6 жашар бала кезиңизде эле топуракка сүрөт тартыптырсыз. Аны тартып жатканда 2-3 атчан келип, “Бул сүрөттү ким тарты?” - десе, балдар сизди көрсөтүшүп, качып кетишиптир. Анан сизди атка учкаштырып алып, бир топко алып барып “Сен сүрөтчү болосуң” - деген экен. Ушул тууралуу айтып бериңизчи...
--Биздин үй-бүлө кесипке жакын кишилер эле да. Апам абдан чоң саймачы болчу. Эмгектери азыркыга чейин өнөр канамда турат. Атам жыгачка оймо-чиймелерди чийчү. Биз бала кезибизде сүрөттү топурака тартчубуз. Колхоздун жолу топурак болгондуктан аны тегиздеп, сүрөт тартканга даярдадык.
Говсувар деген биздин айыл. Тоонун колтугунда жайгашкан. Жапыздын бели деген жерден айылга ким келсе баары көрүнүп турат. Анан атчандар келип, ары-бери жагын карап, “Оо ким тартты?”- дегенде жанымдагы 2 бала мени көрсөтүп, качып кетишти. Атчан киши мени учкаштырып алып, конторага баргыча сүйлөшүп бардык. Ал "сүрөт деген кесип болот”- деп, чоң-чоң сүрөтчүлөрдү, музейлерди айтып барып, жерине жеткенде мени колдон кармап түшүрүп койду.
Кийин Фрунзеге келип, музейлерге барып жүрдүм. 1957-жылы Москвадагы Бүткүл Союздук Сүрөт көргөзмөсүнө 3 иш жибердим. “Койчу бала”, “Алтын бешик”, “Сагынбай аке”. Анан кат алдым “Бизге сиздин ишиңиз жакты, сизди татыктуу киши деп эсептейбиз” - деп жазышыптыр. Абдан толкунданып сүйүнгөм.
--Сиз көбүнчө замандаштарыңыздын бейнесин жасадыңыз. Г.Айтиев көркөм сүрөт-музейинде сиздин “Күйүкованы”, “Король Лир” тартканыңызда эл үйүлүп көрүшөр эле. Ушул эмгектин үстүндө кантип иштедиңиз?
--Муратбек Рыскулов менен жакын тааныштардан элек. Ал киши Кудай берген чоң талант. Гастролдорго барып баарын мага айтып берчү. Ошолор мага жардамчы болду.
--Сиз замандаштарыңыздан М.Шаханов, К.Ахматов, О.Султановдун бейнесин жараттыңыз. Аларды өздөрү сурандыбы же өзүңүз эле жасадыңызбы?
--Образдын жаралышынын өзү абстрактуу нерсе. Жөн эле тартып бер десе тартып бере албайсың. Бирөөнү тартыш үчүн анын образы ичтен, жан-дүйнөңдөн чыгышы керек.
--Дагы сиз хирург Кругловдун бейнесин жасаптырсыз. Ал "Мен ар бир операциямда жүрөк титиреткен жоопкерчиликти сезип жасайм. Сен дагы хирургсуң. Мен тирүү адамдар менен иштейм. Сен дагы тирүү адамдар менен мамиле кыласың. Бирок, сеники ылай кезесиң, чоёсуң, формага саласың, кайсынысы кыйын?" - дейт
--Ал уникалдуу киши эле. Россиядан келип, Мамакеевди, Ахунбаевди окуткан интеллигент киши болчу.
--Кругловдун операциясы кыйынбы же сиздин зергердей болгон операцияңыз кыйынбы?
--Менин бул кишинин бейнесин жасагыным да жөн жерден эмес. Анын ушунчалык билимдүү, интеллигент жана тамашакөйлүгү буга себеп болду.
--1978-жылы революцияга арналып ансамблиңиз жарыяланды. Ушул тууралуу айта кетсеңиз...
--СССРдин маданият министри сынак жарыялап, 500 кишинин арасынан жеңип чыктык. Ансамблдагы аялды эл, Уркуя кылып алды. Ал аял жалпы кыргыз аялдарынын бейнеси деп эсептеймин!
--Учурда эмне менен алек болуп жатасыз?
--Азыр серия портрет жасап жатам. Ал жакта чыгармачылыктын гана адамдары болот.
--Улуттук көркөм сүрөт академияны түзгөнүңүзгө 30 жыл болуп жатат. Бул идея кантип келип калды?
--А.Акаевдин убагында ага кайрылып, училища, институт, аспирантура баарын чогултуп окуу жай ачышыбыз керек дедим. Ал бул сунушумду колдоп, бүгүнкү күндө чоң бир империя болуп олтурат.
--Сиз, 169 көргөзмөгө катышыптырсыз. Буга кантип үлгүрдүңүз жана эргүүнү кайдан аласыз?
--Ал чыгармачыл кишилерге иш эмес, ырахат! Жакшы ой болуп калса, эч проблема жок күнү-түнү иштей бересиң. Мен өмүрүмдө эч качан отпускага чыккан эмесмин. Эч кандай курортко да барган эмесмин. Менин курортум өнөрканам! Эргүүнү өзүмдүн өнөрканамдан алам.
--Ийгиликтин сырын айтып бериңизчи...
--Ийгилик - эмгектен турат. Көп эмгектенсе жетишкендиктери көрүнөт. Жетишпеген жактары да көрүнөт. Анан алдыга жылат. Жыйынтыгында профессионализм жаралат.
Эске сала кетсек, Садыков Тургунбай - Кыргыз эл баатыры, бедизчи, сүрөтчү, КСРБнин Лениндик сыйылыгынын лауреаты. Социалисттик эмгектин баатыры.
1935-жылы азыркы Баткен дубанын Баткен районундагы Говсувар деген жеринде туулган. Говсуварда он жылдык мектеп болбогондуктан, 1947-жылдан тартып Ош шаарынын ныптасындагы Жапалак кыштагындагы жатактуу мектепте окуп, аны 1954-жылы бүтөт.
Жаратман алгачкы эмгеги «Баланын башы» айкели 1957-жылы Республикалык көргөзмөдө скульпторлор арасында баш байгени алат.
1961-жылы «Койчу» жана «Телегей Сагынбаева» деген эки иши Москвада Бүткүл бирликтик көргөзмөдө ачылып, бедизчинин көп улуттуу өлкөдө таанылышына чыйыр ачат.
Тургунбай Садыков 1962-64 жылдары Москванын Жогорку көркөм өнөрчүлүк окуу жайынын алдындагы эки жылдык жогорку курста окуйт. Бул жылдары ССРСдин эл сүрөтчүсү, Лениндик сыйлыктын лауреаты Сергей Коненков менен өтө жакындашып, анын таалим-тарбиясын көрөт жана ак батасын алат.
Бедизчинин «Жылкычы» деген иши 1967-жылы Кыргызстан Ленин комсомолу атындагы республикалык сыйлыкка татыктуу болот.
Тургунбай Садыков Бишкектеги Улуттук филармониянын алдындагы манасчылардын айкелинин, «Ала-Тоо» кинотеатрынын каптал жагындагы «Революциянын каармандары» жана С. Ибрагимов көчөсүндөгү 1941-45 жылдардагы Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучуларына арналып тургузулган комплекстин, ошондой эле «Ала-Тоо» аянтындагы Эркиндик айкелинин автору.
Ал Бишкектеги Көркөм өнөр академиясынын жана анын алдындагы талантуу балдардын жатак-мектебинин негиздөөчүсү.
Тургунбай Садыков — Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры. СССР эл сүрөтчүсү, Кыргыз ССР эл сүрөтчүсү, СССР көркөм академиясынын академиги. СССРдин Ленин сыйлыгы, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты. Кыргызстандагы Улуттук көркөм өнөр академиясы анын ысымын алып жүрөт.
Садыковдун эмгектери Россия, Япония, АКШ, Франция, Польша, Люксембург, Монголия жана Кытайдагы музейлер менен скульптуралар аянтчаларына коюлган.
Булак: NazarNews.kg