www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин гимн жүрөктөрүбүздө улам катуулап добушу жаңырып жатат. Мындай пикирди Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артём Новиков кыргыз спортчуларды куттуктап жатып билдирди. 

--Урматтуу Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Мээрим Жуманазарова, биздин Олимпиядалык улуттук курама команданын ар бир мүчөсү!

Акыркы күндөрдө Сиздер миллиондогон күйөрмандардын көз алдында чыныгы кереметтерди жараттыңыздар! Биздин ар бирибиз, ар бир Кыргызстандык үчүн Сиздер чемпионсуздар!

Биздин гимнибиз бул жолу Токиодо угузула элек болсо да, ал биздин жүрөктөрүбүздө улам катуулап добушу жаңырып жатат. Сиздердин жеңиш – бул бүтүн кыргыз элинин жеңиши, бул улуттун биримдиги жана келечекке бекем ишеними. Ал эми сиздердин жеңиш дагы да алдыда. Сиздерге чын жүрөктөн таазим!", - дейт Новиков. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости