www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Туризмди өнүктүрүү фондунун кызматкерлеринин эмгек акысын ким бекитет?, - деген суроо менен депутат Кундузбек Сулайманов 4-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында кайрылды.

Фонддун жетекчиси Елена Калашникова парламенттин бүгүн, 4-майдагы жыйынына келген. Фонддун жетекчисинин маалыматы боюнча, анын эмгек акысын Экономика министрлиги бекитет. Ал эми фонддогу кызматкерлердин эмгек акысынын көлөмүн ал бекитет.

Депутат фонддун кызматкерлеринин эмгек акысынын орточо көлөмүн сурады. Ага жооп берген Калашникова 60-70 миң сом экенин билдирди.

2022-жылдын 3-кварталына карата жазылган расмий маалымат боюнча «Кыргыз Республикасындагы туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунда» 37 кызматкер бар. Фонд мамлекеттик каттоодон 2022-жылдын 23-мартында өткөн. Түзүүчү — Экономика жана коммерция министрлиги.

Ал эми Е.Калашникованын маалыматы боюнча, учурда фонддо 49 адам эмгектенет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости