www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык соту коррупцияга шектелип кармалган Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси Елена Калашникованын бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды. Соттун чечимине ылайык ал 22-июлга чейин УКМКнын убактылуу тергөө абагында болот.
Белгилей кетсек, 19-майда Калашникованын баш коргоо чарасын караган Биринчи май райондук соту аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.
18-майда УКМК Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси Елена Калашникова менен анын орун басары «коррупцияга» шек саналып камалганын 18-майда билдирген.
Атайын кызмат уставдык капиталы 1 миллиард сомдук бул фонд өлкөдө туризмди өнүктүрүү максатында түзүлгөнүн, бирок акча орунсуз жок кылынганын, максатсыз коротулганын, жетекчилиги өзүнө жогору маяна коюп алганын жана курулуш иштери чыныгы наркынан көбөйтүлгөн баада жүргүзүлгөнүн билдирди.
Булак: NazarNews.kg