www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 3-сентябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы Кеңешинин мамлекеттер башчыларынын Саммитинин жыйынынын жыйынтыктары боюнча Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын кеңешинин Алтынчы Саммитинин Биргелешкен декларациясына кол коюлду.
Андан тышкары, төмөндөгү документтерге кол коюлду:
1.Түрк кеңешинин башкы катчысын, башкы катчынын орун басарларын жана Түрк академиясынын Президентин дайындоо жөнүндө Чечим;
2.Түрк Кеңешинин Венгрияга байкоочу статусун берүү жөнүндө Чечим.
Төмөнкү документтер кабыл алынды:
1.Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясынын Концепциясынын долбоору;
2.Спорттун улуттук түрлөрү жана жаштар жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Түрк кеңешинин мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсү;
3.Түрк Кеңешинин мамлекет башчыларынын Чыңгыз Айтматовдун 90-жылдыгына карата биргелешкен билдирүүсү.
Булак: NazarNews.kg