www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2-сентябрда, Чолпон-Ата шаарында Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Аземге катышкан "Эл аралык кыргыздар" ассоциациясынын аткаруучу директору Жыргалбек уулу Эрлан NazarNews.kg маалымат агенттигине учурдагы абал боюнча билдирди.

-"Кырчын жайлоосунда оюндар жакшы өтүүдө. Түркия менен кыргыз тараптын канайымы боз үйлөр жана иш-чаралар менен таанышып, этно базарды кыдырып, мыкты бааларды берди. Элдер оголе толтура. Ар бир өрөөндөрдө областтардын аймактарынан келген шаан-шөкөт оюн-зоооктор өтүүдө. Баары мыкты уюштурулган. Көчмөндөр оюндарына келе жаткан машиналар шурудай тизилип арты көрүнбөйт. Мамлекет тарабынан жакшы даярдыктар көрүлгөнү көрүнүп турат. Коопсуздук сактаган милиция кызматкерлери жана ИИМ тарабынан эрежелер так, мыкты сакталууда. Көчмөндөр оюндарына катышкан апалар элечек менен ага-инилер ак калпак кийип келип көздүн жоосун алат. Туристтер менен сырттан келген журналисттердин саны көп экендиги байкалууда. Учурда элдин маанайы жогорку деңгээлде”, - деп NazarNews.kg маалымат агенттигине жеринен "Эл аралык кыргыздар" ассоциациясынын аткаруучу директору Жыргалбек уулу Эрлан уулу билдирди.

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости