www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу кызматынан кетти. Бул тууралуу ал өзүнүн Twitter-аккаунтуна жазып чыккан.
Ал өзүнүн отставкага кетүү боюнча чечимин коменданттык саатка карата айтылган сындар менен байланыштырган.
Маалыматтарга ылайык, Түркияда коменданттык саат жарыялангандан кийин жашоочулар тескерисинче, топ-топ болуп көчөгө чыгып, дүкөндөрдө узун кезекке турушуп, азык-түлүктөр турган текчелер тазаланып калган. Алардын көпчүлүгү бет кап тагынган эмес жана пандемиянын эрежеси болгон адамдар ортосундагы эрежелер да сакталбагандыктан, инфекциянын таралуу коркунучу көбөйгөн. Буга байланыштуу Сойлуну ал жарыялаган коменданттык саат тескери жыйынтык берип жатат деп оппоненттери сынга алышкан.
Бул тууралуу Түркиянын Ички иштер министри Сулейман Сойлу: "Пандемиянын алдын алуу үчүн коменданттык саатты жүргүзүүнүн жоопкерчилиги толугу менен менин моюнумда болчу. Бирок коменданттык саат биз күбө болгон көрүнүштөргө алып келбеш керек болчу. Мен элге зыян келтиргим келбейт, ошондуктан Ички иштер министрлигиндеги ээлеп турган кызматымдан кетем", - деп жазган.
Эске сала кетсек, дүйнө жүзү боюнча илдетти жуктургандардын саны 1 850 220га жетти, анын ичинен айыгып кеткендер 430 миңден ашкан. Ал эми каза болгондордун саны 114 миңден ашты.
Булак: NazarNews.kg