www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 3–4 чакырылыштарынын  депутаты Кубанычбек Исабеков 9-май Жеңиш күнүнүнө карата журналисттерге сунуш киргизди. Кубанычбек Исабековдун сунушу төмөндө:

                   Кыргыз Республикасынын массалык маалымат                                   

                                                                                                                           каражаттарына

 

                                                                                               Сунуш - пикир

                                                                                      Урматтуу журналисттер!

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, 9-майда 2020-жылы Улуу Ата-Мекендик Согуштагы Жеңишке 75 жыл болот эмеспи. Азыр бүткүл дүйнө жүзүндө   пандемия жүрүп, оор абал жаралды. Кыргызстанда дагы көп көйгөйлөр бар экенин түшүнөбүз. Өкмөт деле колунан келген аракетин жасоодо. Элибиз мындан дагы кыйын абалдарды башынан өткөргөн. Бул коронавирус илдетин биримдик, ынтымак жана тартиптүүлүк менен жеңебиз деп ишенем.

Ошол эле маалда Улуу Жеңиш күнүнө бир айга жетпеген убакыт калды. Тилекке каршы, согуштун ардагерлеринин саны дагы күндөн – күнгө азайууда. Азыркы учурда ветеран ата-энелерге тамак-ашын, дары – дармегин жетиштүү кылып, материалдык жардам көрсөтүп, көңүл бөлсөк жакшы болоор эле. Телерадио жана башка массалык маалымат каражаттардан, өткөн кылымда Совет элинин фашисттик Германиянын баскынчылары менен, Өлкөбүздүн эркиндиги үчүн болгон согушта көргөзгөн баатырлыгын даңазалаган, жарандарыбызды патриоттуулукка тарбиялаган тасмаларды, атайын арналган көрсөтүү жана башка иш - чаралардын өткөрүүлүсү зарыл экени белгилүү.

Россия жана башка мамлекеттерде Улуу Жеңиш парады даярдалууда. Бизде пандемия убагында парад болбосо дагы, 9-майга арналган иштер азыртадан пландаштырылып, мектептерде, жогорку жана орто окуу жайларында атайын сабактар өткөрүлсө деген тилек бар.

Элибиз дагы, жалаң эле коронавирус оорусун ойлобой, Жеңиш Күнүн үйүнөн болсо дагы майрамдап, жакшылыкты алдыга койсо деген ойдомун.

Сиздер дагы, жарандарыбызга азыркы маалда өтө керек болуп турган моралдык жактан колдоо көрсөтүп, майрамдык маанай тартуулаган көрсөтүүлөрдү жана маалыматтарды чыгарсаңыздар деген сунушум бар.

Ийгилик каалоо менен Кубанычбек Исабеков.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 3 – 4 чакырылыштарынын депутаты, вице – спикери. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости