www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Райондун дыйкандары 2020-жылда өндүргөн 110 тонна айыл чарба азык-түлүктөрү (чеснок, пияз, капуста ж.б.) республиканын ички базарларына, Казакстан жана Россияга жөнөтүлдү. Бул тууралуу КР дин Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нуркыз Кадырбекова билдирди.
Анын айтымында, 2020-жылдын 11-апрелинде дыйкандар 8,0 тонна чеснок, пияз, капустаны базарга сатууга алып чыгышкан.
"2020-жылдын 9-10-апрель күндөрү болгон үшүк жүрүшүнүн негизинде район боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнөн 1602 гектар аянттагы картошканын жалбырагын үшүк уруп зыян тартты. Бирок, бул картошканын түшүмүнө ото зыян алып келбейт, түшүмдүүлүк 20-30 пайызга чейин азайышы күтүлөт. Себеби, негизинен үшүк жалтырактын үстүнкүлөрүнө тийген, астына зыян кылган эмес. Бир жума убагында картошка мурдагы абалына келет. Болгону картошканын бышышы мурдагыга салыштырмалуу 20-25 күнгө кечигет", - деди Нуркыз Кадырбеков.
Булак: NazarNews.kg