www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук кыймылы партиясынын лидери Түркиянын президенти Режеп Эрдоганга «Түрк дүйнөсү» деген картаны белек кылды. Бул картада Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан жана Тажикстан кызыл түс менен берилген. Кызгылт түс менен Балкан жарым аралы, Ирандын тең жарымы, Орусиянын түштүк аймагы, Шибердин (Сибирь) көпчүлүк бөлүгү жана Монголиянын батыш тарабы берилген. Андан тышкары сары түс менен Алтай, Якутия жана Кытайдын Шинжаң –Уйгур автономиялык району берилген. Бул түстөр эмне себептен берилгени тууралуу сүрөттө сөз болгон эмес. Эрдоган менен Бахчели президенттик сарайда 45 мүнөт жолугушкан, бул жолугушуу тууралуу эч кандай сөз болгон эмес. Жакында 2021-жылдын 12-ноябрында Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан жана байкоочу катары Түркмөнстан менен Венгрия жолугушкан. Стамбулда өткөн бул жолугушууда Түрк мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши Түрк мамлекетинин уюмуна айланган. Бул жолугушууда 2040-жылга чейин түрк дүйнөсүнүн Концепциясы кабыл алынган.
Түрк тилдүү элдердин катарына өлүп жок болгон көптөгөн элдерден тышкары азыр да элүүдөй эл бар. Өз алдынча мамлекет түзгөндөрү Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан, андан тышкары Орусиянын курамында автономиялык республика түзгөндөр: Татарстан, Башкортстан, Крым, Якутия, Хакасия, Тува, Кабардин-Балкар, Карачай-Черкес, Чувашия, Өзбекстанда: Кара-Калпак, Кытайда: Уйгур-Шинжаң автономиялуу району. Булардан тышкары өз алдынча тилин сактап топтошкон элдер Венгрияда Мажарстан, Дагестанда кумук, Орусия, Кытайда көптөгөн түрк элдери бар.
Тилдердин айырмасына карата батыш жана чыгыш деп шарттуу аталган эки ири топко ажырайт. Батыш тобуна КЫПЧАК тилдүү: казак, башкыр, каракалпак, ногой, кумук, татар, өзбек-катагандар, өзбек-лакайлар, өзбек-дүрмөндөр, өзбек-барластар, крым татарлары, балкарлар, карачайлар жана башка майда элдер, ОГУЗ тилдүү: түрк, азербайжан, гагауз, түркмөн, салор, крым татарларынын түштүк диалектиси, караимдер, крымчактар, чуваш,шахсевендер, кажарлар, кызылбаштар, йуруктар башка майда элдер, УЙГУР тилдүү: уйгурлар, өзбектердин отурукташкан бөлүгү башка майда элдер кирет.
Чыгыш тобуна – КЫРГЫЗ-КЫПЧАК тайпасына: кыргыздар, түштүк алтайлыктар башка майда элдер, УЙГУР-ТУКУЙ тобуна: хакастар, тувалар, якуттар, долгандар, түндүк алтайлыктар, шорлор башка майда элдер киришет.
Түрк тилдүү элдер Түрк тилдүү элдердин басымдуу бөлүгү ислам дининин суннит багатына кирет. Ислам дининин шиит агымдарына азербайжандар, шахсевендер, кажарлар, кызылбаштар, христиан равославдар чуваштар, гагауздар, якуттар, хакас, алтайлыктардын бир бөлүгү, балкан түрктөрү, буддисттерге тувалар, Монголиянын түрк тилдүү этностору, иудейлерге караимдер, крымчактар, шаманизмге сары уйгурлар, тувалар, алтайлыктар, хакастар, шорлордун бир бөлүгү сыйынышат. Демек, түрк тилдүү элдер дүйнөдөгү белгилүү диндер менен байланышта. Бул түрк тилдүү элдердин таралуу ареалын да чагылдырат.
1991-жылга чейин бир гана Түркия эгемендүү мамлекет болгон. Түркияга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан кошулган.
Түрк тилдүү өлкөлөр кызматташтык саммити 2010-жылы расмий түрдө түзүлүп, катчылыгы иштей баштаган. Ага төрт өлкө: Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Түркия мүчө болгон.Алгачкы саммит 2011-жылы Казакстандын Алматы шаарында өтүп, экинчи саммит 2012-жылы Бишкекте уюштурулган. Бул саммитте түрк тилдүү мамлекеттер арасындагы билим берүү, маданий кызматташтык маселелерине көңүл бурулган. Ал эми үчүнчү саммит Азербайжандын Гебели шаарында уюштурулса, төртүнчү ирет бул уюмдун саммитине Түркиянын Бодрум шаары 2014-жылы кожоюндук кылган.
Бешинчи жолу кеңештин жыйыны 2015-жылы Казакстандын Астана шаарында өткөн соң үч жылдык тыныгууга туш болду. Расмий Бишкек саммитти 2016-жылы өткөрүүнү болжосо да, президент Атамбаевдин айынан жок болуп кете жаздаган Түрк кеңеши нин саммити эки жыл бою өткөрүлбөй келген.
2018-жылдын 3-сентябрында Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы "Рух ордо" комплексинде Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 6-саммити өткөн. Бул ирет Өзбекстан уюмга расмий түрдө кошулду. Чолпон-Атада саммиттин декларациясына кол коюлуп, түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгын өнүктүрүү концепциясы кабыл алынган.
Чолпон-Атадагы саммитте Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган түрк тилдүү мамлекеттерди Фетхуллах Гүлендин кыймылына каршы чара көрүүгө чакырган. Расмий Анкара учурда АКШда жашаган диниятчы Фетхуллах Гүленди азыркы бийликтин душманы катары сыпаттап келет. Ал эми Азербайжандын президенти Илхам Алиев Тоолуу Карабак маселесин көтөргөн. Ал бул аймак узак жылдар бою армян оккупациясында турганын белгиледи. Буга байланыштуу Алиев түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин алкагында аймактык коопсуздук маселелерди, жаңы тобокелчиликтерди талкуулоону сунуштаган.
Түрк кеңешине Өзбекстандын кошулушу жаңы дем бере турганын саммитте Кыргызстандын ал кездеги президенти Сооронбай Жээнбеков айткан. Кыргыз президенти Өзбекстандын бул уюмга кошулуу ниетин жогору бааларын белгилеп, Венгрия болсо бул саммитте байкоочу деген макам аларын маалымдаган. Европанын борборундагы Венгриянын өзүнүн түрк тарыхын жана каада-салтын унутпаганы сүйүндүрөт. Бул уюмдун географиясынын кеңейип жатканын бекемдейт.
Ошондой эле Кыргызстан бул кеңештин алкагында инвестициялык жана экономикалык кызматташтыгын тереңдетүү зарылдыгын белгиледи. Кыргызстанга деңизге чыга албаган мамлекет катары Чыгыш менен Батыштын соодасын байланыштырган транспорттук маршруттардын өнүгүшүн каалайт. Ошондуктан Кытай Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна маани берерин айтышкан.
Алгач Кыргызстандын бийлиги аны өткөрүүгө камылга көрүп келген. Атүгүл уюмдун 2015-жылы Астанада өткөн жыйынында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев саммитти Ысык-Көлдүн жээгинде уюштуруу сунушун көтөрүп чыккан эле:
«Нурсултан Абишевич, биз саммитти Чолпон-Ата шаарында өткөрсөк деп сунуш кылып жатабыз. Өзүңүз 15-августтан 25-августка чейин бир күндү тандасаңыз. Сиз аксакал катары тандап берсеңиз, биз ошол күнү өткөрөлү» -деген. Ал учурда кыргыз бийлиги Түрк тилдүү өлкөлөр саммитин Көчмөндөр оюндарына тушташ өткөрүүнү мерчемдеген. Бирок белгисиз мөөнөткө жылдырылган болчу. Мунун расмий себеби түшүндүрүлгөн эмес. Бирок саммиттин эки жыл бою өтпөй калышын байкоочулар Кыргызстандын мурдагы бул уюм ичиндеги айрым өнөктөштөр менен мамилесинин бузулушуна байланыштырышкан. Алсак, Түркиянын бийлиги менен 2016-жылдын 15-июлдагы мамлекеттик төңкөрүш аракетинен кийин расмий Бишкек менен Анкаранын мамилеси муздаган. Буга түрк бийлиги төңкөрүш аракетине айыптаган диниятчы Фетхуллах Гүлендин тарапкерлери деп атагандардын ишмердигин Кыргызстанда тыюу салуу өтүнүчүн орундатуудан баш тартылганы себеп болгон.
Ал эми Азербайжандын жетекчилиги Карабак маселеси Бакунун позициясын жактаган Исламабад декларациясына кол койбой койгон Кыргызстанга расмий түрдө таарынычын билдирген. Казакстандын президенти менен Атамбаев 2017-жылы президенттик шайлоодон улам кайым айтышкан. Мына ушундай өлкө башчылары арасындагы таарынычтардан улам кийинкиге калып келген саммитке кожоюндук кылуу шыбагасы Сооронбай Жээнбековго тийген.
Ички саясатта президент Сооронбай Жээнбеков кожоюндук кылган саммитке мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев менен ачык жана тымызын кер-мур айтышып, мамилеси бузулган өлкө жетекчилеринин келиши Жээнбеков үчүн саясий упай алып келген окуя болгон. Тышкы саясатта болсо мурда бузулган мамилерди оңдоо менен үч жылдан бери токтоп калган саммитти өткөрүү бул мамлекеттер ортосундагы көп тараптуу алаканы жакшыртууга аянтча болду. Айрыкча, АКШ жана Европа менен мамилеси бузулган Түркия үчүн бул уюмдун алкагында өз бугун чыгарууга мүмкүнчүлүк алды.
Кыргызстан өзүнүн төрагалык мезгилинде Уюмду мындан ары өнүктүрүү, мамлекеттердин ортосундагы жемиштүү кызматташтыкты, достук мамилелерди бекемдөөгө бардык күч-аракеттерди жумшаган. Түрк кеңеши түзүлгөндөн бери 55 иш-чара уюштурулса, анын ичинен 15и - Кыргызстандын төрагалыгында өткөн. Кыргызстандын төрагалыгы мезгилинде Венгрия байкоочу макамына ээ болуп, Өзбекстан Уюмдун толук укуктуу мүчөсү болду. Венгриянын борбору Будапештте Түрк кеңешинин Европалык Өкүлчүлүгү ачылды. Өкүлчүлүк түрк жана европа цивилизацияларынын ортосунда өз ара жигердүү байланыштарды түзүүгө түрткү берет.
Кыргызстандын төрагалыгынын алкагында Түрк инвестициялык-интеграциялык фондунун концепциясы бекитилип, билим берүү жана транспорт тармактарында кызматташуу күчөп Стамбул шаарында Түрк биргелешкен Соода-өнөр жай палатасынын кеңсеси ачылган.
Түрк Кеңешинин Ислам кызматташуу уюмунда байкоочу макамын алуусу боюнча жигердүү иштер жүргүзүлгөн. "Ош шаары - түрк дүйнөсүнүн маданий борбору катары жарыяланды. Анын алкагында Түрк дүйнөсүнүн этно-маданий фестивалы", "Байыркы Ош - цивилизациянын борбору" сыяктуу эл аралык иш-чаралар болуп өттү
Бул жолу Түркмөнстандын жетекчилиги саммитке катышкан эмес. Буга чейин келери кабарланган Гурбангулы Бердимухаммедов эмне себептен жыйынга катышпаганы расмий түшүндүрүлгөн жок.
2019-жылы Бакуда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин жетинчи жыйыны өткөн. Сегизинчи жыйыны 2021-жылдын 12-ноябрында Стамбул шаарында өттү.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg