www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия НАТОдон жардам сурады

Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган Сириянын Идлибдеги кырдаалдын курчуп кетишине байланыштуу НАТОдон жардам сурады. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Түркиянын башчысы Сириядагы кырдаал Европа өлкөлөрү үчүн коркунуч болуп саналарын айтты.   

“Бир дагы Европанын өлкөсүндө Сириянын кырдаалын жөн гана карап турууга укугу жок. Биз НАТОдон тилектештик жана кошумча жардам күтөбүз”,-деп турк башчысы НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенбер менен жолугушуудан кийин басма сөз жыйынында сүйлөдү.  

Эрдоган Түркия - Түндүк Атлантикалык альянста “Ислам мамлекети” (ИГ, тыюу салынган террордук топ)  менен “талаада” согушкан жалгыз жана натыйжада өзүнүн көп аскерлерин жоготкон өлкө деп кошумчалады.

Буга чейин Эрдоган Сириядагы түркиялык аскерлеринин катышуусунун негизги максатын айткан. Анын айтымында, бул Сирия Араб Республикасынын аймактык жана саясий биримдигин тез арада камсыз кылуу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости