www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ММКларда Кытайдагы Цюаньчжоу шарында коронавирус менен жабыркаган кишилер жайгашкан отель кулап түшкөндүгү боюнча маалымат тараган. Аталган имаратта 70 киши бар болсо, анын 34үн урандылардын астынан алып чыгышкан. Ал эми 10 киши каза табышкан. Бул окуя боюнча серепчилер ар кандай пикирлерди айтышууда. Анын ичинде имаратттын кулашы кокустук эмес, атайын уюштурулган деген пикирлер да бар. Мындай ойлор буга чейин да айтылып келинген. Анткени дарыланууга келип жаткан адамдар атайын кызматкерлерге катуу каршылык көрсөтүп жаткан видеолор ушундай шектенүүлөргө себеп болгон.
Эске сала кетсек, буга чейин украиналыктар Кытайдан автобус менен келген мекендештерин таш бараңга алышкан болчу.
Маалыматка караганда, Украинанын Новые Санжары шаарынын тургундары Кытайдагы коронавирус эпидемиясынан кайтып келген 7 автобусту таш бараңга алып, агрессия менен тосуп алышкан. Жүргүнчүлөр респираторчон (дем алуу органдарын коргоочу бет кап), ал эми айдоочулар атайын кийимчен болушкан.
Полиция кызматкерлери көзөмөлдөп тургандыгына карабастан, атайын чогулуп турган эл нааразычылыктарын билдирип, келген автобустардын терезелерине таш ыргытып талкалашкан. Көзөмөл катуу жүргүзүлсө да мушташ орун алып, тартип бузгандар кармалган. Ал эми вирустун очогунан келген украин жарандар, автобустар менен санаторияга кирип кетишкен.
Бирок Кытай бийлиги ММКларга коронавирус менен ийгиликтүү күрөшүп жаткандыгын айтып чыгышып, дүрбөлөңгө түшүп, кырдаалга тынчсыздануунун кереги жоктугун белгилеп келишүүдө. Массалык дүрбөлөңдүн натыйжасында аталган окуя уюштурулганы тууралуу так маалымат азырынча бериле элек. Коронавирус азыркы учурда 115 мамлекетке жайылгандыгы маалым болду.
Булак: NazarNews.kg