www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын бийлиги эки күн ичинде Ирандын чек арасына жакын жерден өлкөгө мыйзамсыз кирген 133 оогандык кармалганын жарыялады. Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин маалымат боюнча, 1 7-июлда 73, 18-июлда 60 оогандык аныкталган. Алар Ван аймагындагы чек араны мыйзамсыз өткөн.

Ооганстандан АКШ баштаган коалициялык күчтөрдүн чыгарылышы менен Түркияга келген ооган качкындары көбөйүшү мүмкүн экени буга чейин эле болжолдонуп жаткан. Өткөн айда Түркия, Ооганстан жана Ирандын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда миграция жаатындагы маселелер талкууланган. Оогандыктар көбүнчө өлкөнүн чыгышындагы аймактарга тоо ашып, кирип келишүүдө.

Ооганстанда соңку апталарда “Талибандын” согушкерлери өлкөдөгү бир нече аймакты ээлеп алды. Мындан улам оогандыктар өлкө ичинде жана башка өлкөлөргө башкалка издеп көчүүгө аргасыз болууда.

Эксперттердин маалыматы боюнча, быйыл январдан бери коопсуздук көйгөйлөрүнөн улам кеминде 270 миңден ашык оогандык жер которууга аргасыз болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости