www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия туристтер үчүн шаардын бир бөлүгүн бузат

Түркия бийлиги Мардин шаарына келген туристтер тарыхый борбордун чыныгы көрүнүшүн көрө алышы үчүн, бери дегенде 240 имаратты бузууну чечти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты. 

Бул багыт чет элдик коноктор арасында барган сайын популярдуу болууда: 2012-жылдан 2019-жылга чейин шаарга келген саякатчылардын саны жылына эки миллиондон беш миллионго чейин өскөн. Программанын негизги пункттарынын бири катары Мардинге сапар менен Месопотамияга турлар 2020-жылы чет өлкөлүк тур операторлору тарабынан түзүлө баштаган.

Бул жерде селжук доорунун, Артукиддердин жана Осмон империясынын имараттары жакын жайгашкан, ар кайсы христиан конфессияларынын байыркы чиркөөлөрү жана медреселер, мечиттер бар. Катарлаш түрк, араб, йезиди, армян, сириялык үй-бүлөлөр жайгашкан эски үйлөр бар. ХХ кылымда эски Мардиндин аймагында көптөгөн соода жана техникалык имараттар пайда болгон.

Январь айынын аягында Түркиянын Айлана-чөйрөнү коргоо жана шаар куруу министрлиги "тарыхый картаны бузган" 240 имаратты бузууга он миллион түрк лирасын (100 миллион сомго жакын) бөлгөн. Мардин провинциясынын губернатору Махмут Демирташ түрк басылмаларына билдиргендей, долбоор үчүн акча каражаты бөлүнгөн, эми иш жакынкы апталарда башталат.

--"Тарыхый имараттарыбыздын эң жашы 400 жашта. Бирок, бетон конструкциялары жана курулмалары панораманы бузуп, шаардын көрксүз образын жаратат", - деди жергиликтүү Туризм жана Мейманканалар Ассоциациясынын президенти Озгур Гюнгер.

Мардин баалуулуктарын сактоо ассоциациясынын президенти Мехмет Башир Гүнештин айтымында, долбоор жергиликтүү ишкерлердин өнүгүшүнө дагы салым кошот. Шаарда эски имараттар бар, алардын террасалары кафе же апарт-мейманкана катары колдонулат.

 "Эгер туризм активдештирилсе, мындан эң оболуу туристтик компаниялар, мейманканалар, ресторандар жана сувенирлерди саткандар утушка ээ болушат. Мунун бардыгы өз кезегинде шаардын экономикасын калыбына келтирүүгө алып келет", - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости