www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия жашап турууга уруксат кагазын узарта албай калган чет элдик жарандарга, анын ичинде кыргызстандыктарга айып санкцияларын колдонбойт. Бул тууралуу Республикалык штаб КРдин Стамбул шаарындагы башкы консулдугуна таянып кабарлады.

"Мындай чаралар Түркияда коронавирус кырдаалы жөнгө салынганча жана үзгүлтүксүз каттамдар калыбына келгенче күчүндө болот", — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Түркияда коронавируска кабылгандардын саны 42 миңден ашып, 908 адам көз жумган. Аталган мамлекетте коронавирус жуктурган кыргызстандык жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости