www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Италияда мафия кылмыштуу топтору карантинге байланыштуу аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бекер тамак-аш таратышат. Бул тууралуу The Guardian жазып чыкты. 

Ал эми бул көрүнүшкө Италия бийлиги каршы экенин эскертүүдө. Анткени, карантин бүткөнчө эле мафия элге колдоо көрсөтүп, бүткөндөн кийин өздөрүнө ээрчитип алышат деп чочулоодо.

Өлкөдөгү айрым бийликтин бутактары төмөнкүчө ар кандай пикирлерин айтышкан:

Мафия тобунун тергөөчүсү, Катанзаро провинциясынын прокуратурасынын башчысы Никола Граттеринин айтымында, миллиондогон адамдар бир айдан ашык киреше тапкан жок жана качан жумушка качан кайтып барарын билбейт деп баса белгилеген.

"Өкмөт элди колдоо үчүн аракетин улантат. Эгерде мамлекет жакын арада аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтпөсө, мафия өз кызматын көрсөтүп, адамдардын жашоосун көзөмөлгө алат. Алар жакыр адамдардын көз алдында баатыр болушат. Бирок, карантин аяктагандан кийин, кылмышкерлер калкты "кызмат үчүн" төлөөгө мажбур кылышат. Мисалы, шайлоодо өз саясатчыларына добуш бердиришет.  Ага кошумча, мексикалык наркотиктин эмне болгонун карап көрөлү... Ал кокаинди саткан жана жүздөгөн адамдардын өлүмүнө буйрук берген. Ушул эле окуя кайра кайталанат", - деп кошумчалаган.

Ошондой эле Италиянын ички иштер министри Лусиана Ламоргезе: "Өлкөдө жакырчылыктын айынан социалдык толкундоолордун күчөп баратканынын басуу үчүн мафия өзүнүн тобуна элди чыкырып пайдаланып калышы мүмкүн", - деген.

Оксфорд университетинин криминология профессору, Федерико Варесе: "Мафиялар жөн эле кылмыштуу уюмдар эмес. Алар аймактарды жана базарларды башкарууну көздөгөн уюмдар. Комментаторлор көбүнчө мафиянын каржылык жагына көңүл бурушат, бирок алардын күч-кубаты иштей турган жергиликтүү базанын болушунан келип чыккандыгын унутушат. Бул мафиянын тараткан материалдары белек эмес. Мафия өзүнүн ак көңүл жүрөгүнөн эч нерсе жасабайт. Алар ар бир адам кандайдыр бир же тигил же бул акчаны төлөп бериши керек, бул качкынга жардам берүү жана жол бербөө, тапанча кармоо, баңги зат сатуу жана башка ушул сыяктуу нерселер. Мафиялар учурдагы блокададан, айрыкча келечектен дагы башка жолдор менен пайда алышы мүмкүн, италиялыктар жумушка кайтып, көбүрөөк акча коротуп, экономиканы кайрадан калыбына келтире алышат. Бирок, албетте, Палермо жана Неаполь шаарларындагы азык-түлүк посылкаларын таратып берген окуя алардын чыныгы мүнөзүн жана эмне үчүн ушунчалык коркунучтуу экендигин көрсөтүп турат ", - деп айткан.

Эске сала кетсек, Италиянын Сицилия аралындагы Корлеоне дүйнөгө чыныгы жана ойдон чыгарылган мафиялардын очогу катары белгилүү.

Өлкө бийлиги 1992-жылдан тартып, мафияларга катуу чараларды көрө баштаган. Ушундан улам, Сицилияда мафиянын таасири кескин азайганы маалым.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости